Кыргыз Улуттук илимдер академиясында “Кыргыз АССРине 90 жыл, Кыргыз ССРине 80 жыл жана Абдыкадыр Орозбековдун кыргыз улуттук мамлекеттүүлүгүн түзүүдөгү орду” аталышындагы материалдар жыйнагынын презентациясы болуп өттү. Бул тууралуу аталган академиянын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, аталган иш-чарада улуттук лидерлердин бири - А. Орозбековдун өмүр жолу, ишмердүүлүгү, кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн түптөлүшүнө кошкон салымы жөнүндө сөз болду. Ошондой эле XX кылымдын 20-30-жылдардагы өлкөнүн коомдук-саясий абалы тууралуу айтылып, бир кезде көмүскөдө болгон тарыхый материалдарды мындан ары дагы иликтеп, коомго жайылтуу, жогорку окуу жайларына берүү, коомдук жана саясий ишмердин атын даңазалоо демилгелери көтөрүлдү.
Презентацияны ачып берген УИАнын президентинин милдетин аткаруучу Мурат Жуматаев мындай иш-чаралардын мааниси өтө чоң болгондуктан, жалпы республикалык деңгээлде өткөргөнгө шарттар түзүлсө жана тарых алдындагы милдеттерибизди канчалык тез түшүнсөк ошончолук натыйжа жакшы болоорун айтты.
“Бүгүнкү эгемендүү өлкөнүн өзөгүндө А.Орозбековдун бараандуу салымы бар. Китепте анын ишмердүүлүгү менен бирге кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн мамлекет болуп калыптануусундагы тарыхый окуяларга, фактыларга басым жасалды” – деди окумуштуу.
Белгилүү тарыхчы, илимпоз Кыяс Молдокасымов аталган китептин жарык көрүшүн тарыхтын жакшы кадамы катары бааларын айтты.
Ал эми А.Орозбековдун небереси Жылдыз Орозбекова мындайча оюн билдирди:
“Мурун бир кездерде Орозбеков тууралуу ооз ачууга мүмкүн эмес болчу. Тарыхтын ошол жылдарын кесип алып салгандай эле. Мен бул китепти башынан аягына чейин бир дем менен окуп чыктым. Айтаарым, өсүп келе жаткан муун мурунку лидерлерди жана тарыхый чындык аныгында кандай болгонун сөзсүз билиши керек” – деди.
Илимий-практикалык конференцияны УИАнын Гуманитардык жана экономикалык илимдер бөлүмүнүн Тарых жана маданий мурастар институту менен А.Орозбеков атындагы фонду биргелешип уюштурган. Иш-чарага коомдук ишмерлер, тарыхчылар, аталган институттун кызматкерлери, Гуманитардык жана экономикалык илимдер бөлүмүнүн төрагасы, академик Абдылдажан Акматалиев, А.Орозбеков атындагы фонддун төрагасы Абдували Нышанов, белгилүү тарыхчы Кыяс Молдокасымов, Жогорку Кеңештин депутаты Исхак Масалиев, А.Орозбековдун небереси Жылдыз Орозбекова жана башкалар катышты.