Жол кырсыгынан каза тапкандардын тизмеси

21-Июль 2017, Жума

Бишкек-Ош жолунда жол кырсыгына кабылып каза болгондордун баарынын ысымдары белгилүү болду. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук Ички иштер башкармылыгынын басма сөз кызматы кабарлады.

Алардын маалыматты боюнча, каза болгондордун баары бир унаада бара жатышкан. Ал унаанын айдоочусу Өзгөн районунун Куршаб айылынын 1991-жылы туулган Д уулу Санжарбек болгон. Ал учурда оор абалда Шамалды-Сай аймактык ооруканасынын хиругия бөлүмүндө жатат.

Каза болгондордун ичинен үчөө аял, төртөө эркек киши жана эң кичүүсү 3 жаштагы кыз.

Каза болгондор:

- Эрмекбай Жунусмамат уулу, 1994-жылы туулган, Өзгөн районунун Ана-Кызыл айылында тургуну;

- Шамшидин Бердибеков, 1970-жылы туулган, Алай районунун Дароот-Коргон айылында тургуну;

- Адинахан Дусматова, 1973-жылы туулган, Кара-Суу районунун Жаңы-Арык айылында тургуну;

- Малика Асанова, 2014-жылы туулган, Өзгөн районунун Куршаб айылында тургуну;

- Гүлнара Төрөгелдиева, 1965-жылы туулгун, Кара-Кулжа районунда тургуну;

- Фатима Толубаева, 1979-жылы туулган, Кара-Суу районунда тургуну;

- Исламбек Бактыбеков, 2000-жылы туулган, Өзгөн районунун Кароол айылында тургуну;

- Алмазбек Султанов (туулган жылы, жерлиги тактала элек).

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматтына ылайык, жол кырсыгы кечээ 20-июль күнү саат 06-30 чамасында Бишкек-Ош автоунаа жолунун 468-чакырымында Таш-Көмүр шаарынын Теңдик айылында катталган. Автоунаа кырсыгынын кесепетинен “Хонда Одиссей”, оор жүк ташуучу “МАН” үлгүсүндөгү автоунаа жана “Хонда Степвагон” үлгүсүндөгү автоунаалары кагылышып, 8 адам каза болгон.

“Кырсыкка кабылган “Хонда Одиссей” автоунаасында 6 адам жана “МАН” унаасында 2 адам болгон, алардын абалдары канааттандырарлык. Ал эми “Хонда Степвагон” унаасында 9 адам болгон, алардын ичинен 8 адам окуя болгон жерде мүрт кеткен”,- деп айтылат маалыматт

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!