Трамп “Apple” үч ишкана курарын айтты

27-Июль 2017, Бейшемби

АКШнын президенти Дональд Трамп “Wall Street Journal” гезитине берген маегинде “Apple” компаниясы АКШнын аймагына үч өндүрүштүк ишкана курууга милдеттендирилгенин билдирди.

Президенттин айтымында “Apple” компаниясынын жетекчиси Тим Кук үч ири, абдан мыкты ишкана курат. “Мен мындай деп жооп бердим. Тим сен биздин өлкөгө өзүңдүн ишканаларыңды куруп баштамайынча менин администрациям экономикалык ийгиликке жетишти деп эсептей албайм”,-деди Трамп. Бирок ал курула турган компаниялар эмнени өндүрөөрүнө токтолгон жок. “Apple” компаниясы бул тууралуу түшүндүрмө берүүдөн баш тарткан.

Шайлоо өнөктүгүндө Дональд Трамп АКШнын аймагында өндүрүштү калыбына келтирерин убада кылган.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!