​Бишкекке жылуулук качан берилет?

6-Окт. 2017, Жума, 15:35

Бишкек шаарына жылуулук качан берилери маалым болду. Бул тууралуу бүгүн, 6-октябрда мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жылуулук беш күн катары менен абанын температурасы +8 градустан төмөн болгон учурда берилет. Кыргызгидрометтин маалыматы боюнча жакынкы күндөрү абанын температурасы жылуу болоору күтүлүүдө.

«Бишкекжылуулукборбору» 1-октябрга карата калаадагы жылуулук түйүндөрүн калыбына келтирип, оңдоо иштери 98,4 пайызга жүргүзүлгөн. Кышка толугу менен даяр.

Эске салсак, өткөн жылы Бишкек шаарына жылуулук 14-октябрда берилген.
Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!