Исаков муктаж үй-бүлөлөргө жардам берүүнү табыштады

6-Окт. 2017, Жума, 16:21

Өкмөт башчы Сапар Исаков Нарын облусуна жасаган иш-сапары учурунда социалдык колдоого муктаж болгон Нуриза Кичинебатырованын үй-бүлөсүнөн кабар алды.

Өкмөттүн маалымат кызматы билдиргендей, Нуриза Кичинебатырова жесир, 5 баланы жалгыз тарбиялайт. Айтымында, ай сайын алган социалдык жөлөк пулу балдарын толук камсыз кылууга жетпейт.

Өкмөт башчы жардамга муктаж бул үй-бүлөгө жардам көрсөтүп, алардын социалдык маселесин чечип берүү жагын жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө табыштады.

Исаков мындан ары да калктын аялуу катмарына жана оор турмушта жашан үй-бүлолөргө жардам көрсөтүлөрүн убадалады.

Эскерте кетсек, ушул эле райондо жашаган көзү азиз Эламанга да жардам колун сунуп, аны дарылатууну тиешелүү жетекчилерге тапшырган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!