Президент оорукананын курулушуна каражат бөлдү

6-Окт. 2017, Жума, 16:35

Президент Алмазбек Атамбаев Чүй облусунун Ысык-Ата районунун Ивановка айылындагы Ысык-Ата аймактык ооруканасынын имаратынын оңдоо иштери үчүн каражат бөлдү.

Мамлекет башчынын маалымат кызматы билдиргендей, өлкө башчысы тиешелүү буйрукка кол койгон.

Ага ылайык, өкмөткө караштуу архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин алдындагы турак жай-жарандык курулуш департаментинин Чүй облустук капиталдык курулуш башкармалыгына каржылык колдоо көрсөтүү үчүн алты миллион сом бөлүндү.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!