Темир Жумакадыров мезгилсиз дүйнөдөн кайтты

7-Окт. 2017, Ишемби, 11:18

Бүгүн, 7-октябрь күнү Бишкек-Кара-Балта жолундагы Садовое айылында болгон жол кырсыгынан вице-премьер-министр Темир Жумакадыров каза болду. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, унаа кырсыгында «Тойота Ландкрузер» менен КамАЗ автоунаасы кагылышып, кырсыктын кесепетинен айдоочу жана 2 жүргүнчү набыт кеткен.

Унаада Темир Жумакадыровдун жардамчысы Нурлан Жамгырчиев болгон.

Темир Жумакадыров ушул жылдын тарта коопсуздук боюнча вице-премьер-министр болуп эмгектенип жаткан.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!