Студенттер кайрымдуулук жарманкесин өткөрүүдө

17-Окт. 2017, Шейшемби, 15:21

Кыргызстан Ислам Университети октябрь айын “Кайрымдуулук айы” деп жарыялап, анын алкагында ар аптанын жума күнү Кыргызстан Ислам Университетинин уюштуруу тобунун демилгеси менен кыздар тобунун студенттик кеңеши кайрымдуулук жарманкесин өткөрүүдө. Бул тууралуу Кыргызстан Мусулмандар дин башкармалыгынан билдиришти.

Жарманкеге студенттер даярдап келген тамак-аш азыктары коюлуп, түшкөн каражат муктаж үй-бүлөлөргө жана муктаж студенттерге таратылмакчы.

Иш-чарага университеттин мугалимдери жана студенттер активдүү катышып, жардам колдорун сунушууда.



Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!