“Apple” менен “Samsung” акыйнек айтышууда

26-Окт. 2017, Бейшемби, 14:08

Азыркы замандагы технологияны курган жана дүйнөлүк технология алптарында 2010-жылдан бери патенттик иш боюнча жаңы бурулуш болуп келет.

2010-жылы “Apple” “Samsung”га каршы патентке арыз берип анда каршы тараптагы компания түзүмдүн кээ бир техникалык мүнөздөрүн көчүрүп алган деп айыптаган.

Ошол кезде “Apple” “Samsung”ду ишенимдүү шериктеш ирээтинде көргөн. Биринчи болуп келишимди Түштүк Кореядагы компания бузган. Убакыт өтүп “Samsung” компаниясы миллиарддаган долларга эквалайзер жабдыктары менен башка компоненттерди сунуштады жана ал ишин улантууда.

Бирок эки компания башчылыгы лицензиялаштыруу тууралуу келише албагандыктан, “Apple” компаниясы “Samsung”дун өздөрүнүн дизайнын имитациялап жатат деп чыккан. “Samsung” компаниясы көптөгөн өлкөлөрдө, анын ичинде Германияда, Японияда жана АКШда бир нече жолу сотко берген. Андан кийин “Samsung” компаниясы “iPhone”дагы “3G” уюлдук даректерине колдонулчу технологияга патентти бузганы тууралуу сотко арыз берүү аркылуу жооп берген.

2016-жылга чейин алп компаниялар бири-бирине ачылган ири патенттик иштерге каршы күрөшүп келишүүдө. Анын кесепетинен “Galaxy Tab 10.1”ды австралиялык базарда пайда болушуна тоскоолдук жаратты. Иш жүзүндө “Samsung” компаниясы “Apple” компаниясынан кечирим сураган.

АКШда сот процессинин эң негизгилери дагы деле уланууда. Ал эми 2012-жылы “Samsung” компаниясы “Apple”ге 1 миллиард долларлык чыгым төлөм берүүгө чечим кабыл алынган. “Samsung” компаниясы сот чечимди туура эмес чыгарды деп маалымдаган.

Жаңыртылган келишим сөздөр компаниялардын укуктук контексинде оң жолго алып келген. Натыйжасында, “Samsung” компаниясы патенттерди жалпы алганда үч патент боюнча 548 млн. доллар төлөөгө келишти.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!