Бактылуулуктун сыры 1,56 миллионго сатылды

26-Окт. 2017, Бейшемби, 16:06

"Бактылуулук формуласын" кечээ Иерусалимде өткөн аукциондо 1,56 миллион долларга бактылуу айым сатып алды.

Белгилүү окумуштуу Альберт Энштейндин 95 жыл мурда бактылуулук формуласын жазып калтырган. Бул жазма 1922-жылы Япония жергесине болгон сапарында физика тармагында Нобель сыйлыгынын ээси аталганда жазган. Ал Токионун мейманканасындагы лифтер балага чөнтөгүнөн бир тыйын акча таба албай эскерүүнү берген. Немис Эйнштейндин жазмасында: «ийгиликтин артынан чуркоо жана ар дайым тынчсызданууга караганда, бейпил жана жөнөкөй жашоо көбүрөөк бакыт алып келет», - деп жазган.

Ал эми экинчи жазып калтырган баракта: “Каалоо бар жерде, жол бар”. Ал барактагы жазуу 200, 000 долларга сатылды.

Эки жазманы тең сатып алган адамдардын ысымдары жашыруун калтырылды.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!