​Чаткалда 2 жашар кыз сууга агып кетти

23-Окт. 2017, Дүйшөмбү, 11:23

Чаткал районунда 2 жашар кыз дарыяга агып кетип, каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 21-октябрь күнү саат 17:00 чамасында Чаткал районунун Айгыр-Жал айылында 2015-жылы туулган Айзирек Абдыбакирова Чаткал дарыясынын жээгинде ойноп жатып сууга түшуп, агып кеткен.

22-октябры күнү саат 08:55де ӨКМнин №81 өрт-куткаруу бөлүмүнөн 15 куткаруучу, туугандарынан 12 адам, райондук ички иштер бөлүмүнөн 12 кызматкер, жалпы 39 адам издөө жумуштарын жүргүзүшкөн. Ошол эле күнү саат 09:55те жеткинчектин сөөгүн табышып, туугандарына өткөрүп беришти.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!