"Эркектердин саламаттыгынын жумалыгы" башталды

23-Окт. 2017, Дүйшөмбү, 12:12

Бүгүн, 23-октябрда Бишкекте “Эркектердин саламаттыгынын жумалыгы” башталды. Иш-чара бир аптага же 1-ноябрга чейин созулат.

Акциянын алкагында уролог жана андрологдор эркектерди акысыз текшерип, кеп-кеңештерди беришмекчи.

Урологдорго көрүнүүнү каалагандар болсо Бишкекте Республикалык урология илимий борборунда (дареги Бөкөнбаев менен Логвиненко көчөсүнүн кесилишинде) саат 09:00дон 15:00гө чейин кайрылса болот.

Саламаттык сактоо министрлигинин өкүлү Елена Баялинованын билдиргенине караганда буга чейинки жылдары өткөрүлгөн “Эркектердин саламаттыгы жумалыгы” акциясы 40 жаштан жогору 60 пайыз эркектер кандайдыр бир даражада импотенциядан жабыркай тургандыгын көрсөткөн. Ошондой эле ал акыркы мезгилде эркектердин тукумсуздугу кыйла өскөнүн кошумчалаган. Анда 55 жаштан жогору 70 пайыз эркектер түнкү заара кылуудан жабыркашарын, бул көйгөй адамдын эрте өлүмүнүн негизги себептеринин бири экенине карабастан, алардын 8 пайызы гана дарыгерлерге кайрылышарын баса белгилеген.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!