Жабыр тарткандарга цемент жеткирилди

1-Ноя. 2017, Шаршемби, 09:59

Ош облусунун Өзгөндөгү жер көчкүдөн турак жайлары жабыркаган жарандарга Кызыл-Октябрь айыл аймагынын Ынтымак (Жаман-Адыр) участкасына турак жай куруу үчүн жер тилкелери бөлүнүп берилди. Бул тууралуу ӨКМнын маалымат кызматынан билдиришти.

Жарандарга жеңилдик кылуу максатында 31-октябрь күнү Араван цемент заводунан ӨКМнин Өзгөчө кырдаалдарга чара көрүү түштүк борборунун 1 оор жүк ташуучу унаасына 20 тонна цемент жүктөлүп, Өзгөн районуна жеткирилди.

2017-жылдын 22-июнунан 31-октябрына чейин жалпы 1652 тонна цемент жеткирилген.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!