Чылымды кыскартууда Англиянын тажрыйбасы колдонулат

1-Ноя. 2017, Шаршемби, 10:54

Кыргызстан чылым чеккендердин санын кескин кыскартууда Улуу Британиянын тажрыйбасын колдонот. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин башкы пульманологу, профессор Талантбек Сооронбаев Zaman.kg маалымат агенттигине билдирди.

Анын айтымында, акыркы убакта тамекиге көз каранды болгондор арбыды. Айрыкча кыз-келиндер арасында дагы чылым чеккендер көбөйүүдө.

«Тамекини чеккен адам көз каранды болуп, андан арылышы кыйынга турат. Бул деген баңгизат сыяктуу. Айырыкча аялдар бат көнөт. Кийин тамекин таштоо үчүн канчалык аракет кылса да андан арылуу кыйынга турат. Биздин өлкөдө тамекини токтотуу үчүн уникалдуу ыкмалар бар. Кыргызстанга жаңы эң алдыңкы ыкманы колдонгону жатабыз. Бул тез тез кеп-кеңеш берүү. Буга чейин бул ыкманы Улуу Британия өлкөсү өз жарандарына колдонушкан. Анда адамдардын 80 пайызы темекиге болгон көз карандылыктан азайган. Ал болгону 30 секундду түзөт. Бул аркылуу адамдын өмүрүн узартууга болот. Муну дарыгерлерлерден тышкары жогорку билимдүүлөр дагы жарандарга сунуштап тамеки чеккендер азаят. Ушул жаатта Саламаттык сактоо министрлиги алдыбызга 5 жылдык план коюп жарандардын 30 пайызын чылымга болгон көз карандылыктан арылталы деп жатабыз”,-деди Сооронбаев.

Статистикалык маалыматтарга таянсак, Кыргызстанда жалпы эркектердин 48 пайызы, ал эми аялдардын 3-4 пайызы чылым чегет. Бирок аялдар боюнча айтылган сандар мындан көп болушу мүмкүн. Анткени, менталитетке жараша биздин коомдун аялдары тамеки тартса да ачыка чыгаргысы келбейт. Соңку жылдары элетте жашаган кыз-келиндер тамекиге бат берилип жатканы белгиленүүдө.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!