Жыл сереп-2016: Маданият жылындагы маанилүү окуялар
Кыбыраган кыр ашат дегендей 2016-жылды узатып жаңы 2017-жылды тосуунун алдында турабыз. Бул жылы өлкө башчысы тарабынан “Тарых жана маданият жылы” деп жарыяланып, тарыхый, маданий датага ээ ири иш-чаралар белгиленди. “Тарыхсыз эл болбойт, маданиятсыз жер” болбойт дегендей мааниге ээ маданият жылындагы болуп өткөн иш-чараларды тизмектеп көрүүнү туура көрдүк.
Элди эмгекке сүйдүргөн эстелик
4-январь: Чүй облусуна караштуу Кемин районунда Калмак-Ашуу айылына дыйкандын эмгегин эстеткен кетмендин эстелиги орнотулган. Эстеликтин салмагы 3 тоннаны түзүп, кетмендин сабынын узундугу 22 метр.
***
АКШга аваз тартуулаган Азамат
5-январь: АКШнын Нью-Йорк шаарынын көчөлөрүнүн биринде кыргыздын “Маш ботой” күүсү жаңырды. Анын музыкант Азамат Сыдыков кыргыздын белгилүү комузчусу Атай Огомбаевдин “Маш ботой” күүсүнө жаңыча түс берип пианинодо аткарып, жергиликтүү тургундардын колдоосуна арзыган.
***
Интернет желесиндеги ийгиликтер
15-январь-бул күнү Бүткүл дүйнөлүк көз карандысыз “Википедия” энциклопедиясынын түзүлгөнүнө бүгүн 15 жыл толуп, бул юбилейлик датага байланыштуу сайт дүйнө жүзүндөгү эң мыкты 15 википедиячынын аты-жөнүн жарыялады. Мыктылардын арасына Кыргызстандан Чоробек Сааданбеков да кошулган.
***
Алп акындан айрылдык
4-февраль Кыргыз Эл баатыры, Токтогул сыйлыгынын ээси, залкар акын Сооронбай Жусуев 91 жаш курагында каза болду. Акындын 30дан ашык китеби өз эне тилинде, 14 китеби орус тилинде жарык көргөн. Ыр китептери казак, өзбек, украин, азербайжан, тажик тилдеринде басылган жана ырлары алыскы жана жакынкы чет өлкө тилдерине которулган.
***
18-февраль: “Google Translate” электрондук системасына кыргыз тили кошулду. Ага мамлекеттик тилди кошууда бир канча жылдан бери аракеттер жүрүп келген. Демөөрчүлүк иштерине 2014-жылы “Светофор” интернет магазини кол кабыш кылган. Өкмөт бул долбоорду колдоого 1 миллион 340 сом бөлүп берген.
***
Кыргыз өңү Чокморовдун өңүндөй
25-февраль: Бишкекте белгилүү актёр жана сүрөтчү Сүймөнкул Чокморовдун сүрөтү дубалга тартылган. Сүрөттү тарткан “DOXA” арт-тайпасы өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына жарыялаган. Токтогул көчөсүндөгү имараттардын биринде жайгашкан сүрөт болгарка жана балканын жардамы менен тартылып, эмгекти 4 күндө тартып бүтүрүшкөн.
***
Артисттер аймактарда концерт койду
Март айы Маданият, маалымат жана туризм министри тарабынан “500 гастроль” аттуу программанын алкагында Кыргызстандагы театрлардын, филармониянын, цирктин кызматкерлери аймактарды кыдырып концерт койду.
***
Театрлар таймашы орун алды
11-март: Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрында “Театрлар таймашы” орун алып, анда Кыргыз улуттук академиялык драма театры менен Шаршен Термечиков атындагы Чүй облустук театры, Бакен Кыдыкеева атындагы Жаш көрүүчүлөр театры менен Мамлекеттик «Учур» жаштар театры беттешти. Жыйынтыгында, Шаршен Термечиков атындагы Чүй облустук театры, Жаш көрүүчүлөр театры жеңишке жетип, акчалай сыйлыктарды алышты.
***
16-март Көп жылдан бери жатаканада жашап келген, КРнын эл артистти, Чоро Дубанаевге “KG ГРУПП” курулуш компаниясынын директору Имамидин Ташов бир бөлмөлүү үйдүн ачкычын тапшырды.
***
Ала-Тоо жергесине алты миллион көчөт
26-март: Тарых жана маданият жылын өткөрүү дирекциясы быйыл Кыргызстандын аймагында кеминде 6 миллион бактын көчөтүн отургузууну жарыя кылган. “Бир жарандан бир көчөт” акциясынын алкагында 1 миллион 18 миңден ашуун бак-дарактын көчөтү отургузулган. Ал эми аймактарда көчөттөрдү отургузуу иштери кызуу башталган.
***
Артисттер Алматыны аралап концерт тартуулады
30-март: Т.Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынан барган кыргыздын 300дөн ашык маданият ишмерлеринин концерти М.Ауэзов атындагы Алматы академиялык театрында орун алды. Иш-чара Тарых жана маданият жылына карата уюштурулган.
***
Балдарга багыт берчү сайт ишке кирди
30-март: Taalim.lib.kg деп аталган сайтта балдар үчүн кыргыз тилинде 20 электрондук китеп жүктөлгөн сайт ишке кирген. Андан тышкары окуганды биле элек жаш балдар үчүн аудиокитептер бар.
***
Эл аралык тил жана маданият фестивалы
2-8-май: Бишкекте Тарых жана маданият жылынын алкагында балдардын XIV Эл аралык тил жана маданият фестивалы башталган. Ал «Себат» билим берүү мекемеси тарабынан уюштурулуп, концерт Бишкектеги Кожомкул атындагы Спорт ордосунда өткөн, ага 140 мамлекеттин окуучулары катышкан.
***
Көчмөндөрдүн сааты орнотулду
15-май: Бишкектин Ала-Тоо аянтында Дүйнөлүк көчмөндөр оюнуна чейинки убакытты эсептеп турган саат расмий ачылды. Анын ачылышына шаар тургундары, өкмөттүн, Бишкек шаардык мэриясынын өкүлдөрү, чет өлкөлүк коноктор күбө болду. Саат темирден жасалып, улуттук стилде кооздолгон.
***
Иш-чараларга ири сумма
27-май: Өкмөт мамлекеттик казынадан Тарых жана маданият жылын өткөрүүгө 94 миллион сом бөлдү. Анын алкагында 78 иш-чара өткөрүү каралып, ири даталар да камтылды.
***
Маданият өкүлдөргө мамлекеттик сыйлык
4-июнь: Тарых жана маданият жылына карата «Манас» эпосун камкордукка алууда жана жайылтууда өтөгөн эмгеги үчүн «Саякбай манасчы» төш белгиси менен Эл жазуучусу, драматург Бексултан Жакиев, Кытай Эл Республикасынын жараны Макелек Өмүрбай, казак элинен чыккан жалгыз манасчы Баянгали Алимжанов, Жогорку Кеңештин депутаты Садык Шер-Нияз, экс-депутат Карганбек Самаков жана башка белгилүү коомдук ишмерлер, ишкерлер сыйланышты.
***
Манасчыларга үй берилди
15-июнь: “Саякбай манасчы” фонду тарабынан манасчылар Дөөлөт Сыдыков, Рысбай Исаков, Улан Исмаиловго үч бөлмөлүү батирдин ачкычы тапшырылган. 30дан ашуун адамга «Манас» эпосун камкордукка алууда жана жайылтууда өтөгөн эмгеги үчүн «Саякбай манасчы» медалы сыйланышты.
***
“Google” кеңсесинде кыргыз боз үйү тигилди
27-июнь “Google” компаниясынын кызматкери, кыргызстандык Тилек Мамутов өзү иштеген кеңсенин ичине (Маунтин-Вью шаары, Калифорния) кадимки кыргыз боз үйүн тиккен. Мамутов интернет дүйнөсүндөгү гиганттардын бири – “Google” компаниясында 2007-жылдан бери эмгектенип келет.
***
Эл акыны Сүйүнбай Эралиев дүйнө салды
Кыргыз Эл акыны, Кыргыз Республикасынын Баатыры Сүйүнбай Эралиев 16-июлда 95 жашында көз жумду. Сүйүнбай Эралиев 1921-жылы Талас районундагы Үч-Эмчек айылында туулган. Алгачкы жыйнагы “Биринчи жаңырык” деген ат менен 1949-жылы жарык көргөн. Эралиев кыргыз поэзиясында биринчи болуп эркин ыр формасын жазган.
***
Эл артистти эли менен коштошту
21-июль: Кыргыз эл артисти, балетмейстер Берик Алимбаев 79 жашында дүйнө салган. Алимбаев 1936-жылы Фрунзе шаарында төрөлгөн. “Ак куу көлү”, “Ромео жана Жульетта” сыяктуу белгилүү чыгармалардын башкы партияларын аткарган. Чет элдерде өткөн фестивалдарда кыргыз балетин даңазалаган.
***
27-июль: Маданият, маалымат жана туризм министри Алтынбек Максүтов кызматтан кетти. Тиешелүү жарлыкка өлкө башчы Алмазбек Атамбаев 27-июлда кол койду. Министр Максүтов аталган кызматка 2014-жылдын октябрь айында дайындалган.
***
Көчмөндөрдүн расмий гимни жаңырды
4-августта Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын расмий гимни жарыяланды. Гимн 2014-жылы өткөн I Көчмөндөр оюндарына арналып жазылган. Фольклордук жанрда даярдалган гимнди 8 аткаруучу ырдады. Гимндин текстин Уланбек Абдырахманов, обонун Эмил Кенжегулов жазган. Музыканы “Хан-Теңир” фольклор ансамблы ойногон.
***
Ааламды аралаган Союзбек Салиев
25-август: саякатчы Союзбек Салиев менен 72 жаштагы штурман Йонас Жукнус ааламды түрө кыдырган саякатка чыгышкан. II Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына жана Кыргызстандын көз карандысыздыгынын 25 жылдыгына арналган бул сапар 64 күнгө созулуп, 46,7 миң чакырым аралыкты түзгөн. Ал спорттук учак менен Жер планетасын айланып чыккан Орто Азиядагы биринчи адам болуп калды.
***
30-август: Мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев эгемендүүлүктүн 25 жылдыгына карата мамлекеттик сыйлыктар менен сыйлоо жөнүндө жарлыкка кол койгон. Жарлыкка ылайык, бир катар белгилүү инсандар Кыргыз мамлекетинин элинин тарыхый жана маданий мурастары өнүктүрүүгө кошкон салымы, көп жылдык үзүрлүү эмгеги, каармандыгы жана эрдиги үчүн бир катар маданият кызматкерлир сыйлык алышты.
***
Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары өттү
Кыргыздын бермети болгон Ысык-Көл жергесинде экинчи Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 3-8-сентябрда болуп, ага дүйнөнүн 62 өлкөсүнөн миңден ашуун спортчулар катышып, оюндун 23 түрү менен күч сынашты. Мелдештин жыйынтыгында Кыргызстан 1-орунду алган.
***
13-сентябрь: «Манас» эпосу тажик тилине которулуп, китеп 500 нускада басылып чыккан.
***
19-сентябрда Түгөлбай Казаков КРнын маданият, маалымат жана туризм министри болуп дайындалды.
***
14-октябрь: Чүй облусундагы Бурана археологиялык комплексинде Жусуп Баласагындын 1000 жылдыгы белгиленди.
***
11-ноябрь: Белгилүү мамлекеттик жана коомдук ишмер Турдакун Усубалиевдин эстелигинин ачылды.
***
27-ноябрь: 7 күн, 7 түн «Манас» айтуу эстефестасы башталды. Борбор калаадагы «Супара» этнокомплексинде 30дан ашуун манасчы күнү-түнү "Манас" айтышты.
***
29-ноябрь: Жазуучу Чыңгыз Айтматовдун “Чоор жана жер” деп аталган, мурда жарык көрө элек чыгармасы табылды.
***
30-ноябрь: Кыргызстан, Пакистан, Тажикстан, Түркмөнстан, Түркия жана Өзбекстандан түшкөн сунуш менен Нооруз майрамы ЮНЕСКОнун Материалдык эмес маданий мурастарынын тизмесине кирди.
***
23-декабрь: Кыргызстандын «Азия МIX» командасы КВНдин Жогорку Лигасында чемпион болду. Финалга 5 команда катышкан. Оюн жыйынтыгында «Азия МIX» 10,9 упай менен биринчи орунду ээледи.
***
3-декабрь: «Эл ичи – өнөр кенчи» республикалык кароо сынагынын жыйынтыкталып, жеңүүчүлөргө акчалай сыйлыктар тапшырылды .
***
Кубаныч Жусупбеков