Жыл сереп – 2016: Жыл ичинде төрөлгөн үч эмдер
Кыргызда үч эмдердин төрөлүшүн жакшы жышаан катары жорушат. Акыркы убактарда өлкөбүздө үч эмдердин көп төрөлүү тенденциясы байкалууда. ZAMAN.KG сайты узап бараткан жылы кайсы үйдө үч эм наристенин ыңаалаган үнү жаңырып, ата-энесин кубанычка бөлөгөнүн санап көрдү.
5-май күнү Бишкектеги №4 төрөтканада Каныкей Анапияева үч эм төрөдү. Тилекке каршы, үч эмдин бири 8-май күнү чарчап калган. Келиндин апасы кызы талма оорусу менен жабыркагандыктан, майып келин балдар ай-күнүнө жетпей төрөлгөн.
17-апрель күнү Ош шаарынын 37 жаштагы тургуну Дамира Ташматова көз жарды. Ал 1 уул, эки кызды операция жолу менен жарыкка алып келген. Дамира буга чейин алты уул, төрөгөн.
23-август күнү Ош шаардык перинаталдык борбордо үч эм кыз жарыкка келди.
Август айында буга чейин эки жолу эгиз төрөгөн 30 жаштагы Элмира Сулайманкулова үчүнчүсүндө үч эм: эки уул, бир кызды жарык ааламга алып келди. Эки ирет катары менен эгиз, андан кийин үч эм төрөгөн бул айым Ош шаарына жакалаш жайгашкан Төлөйкөн айылынын тургуну. Жолдошу Нияз Туманов 33 жашта.
2-сентябрь күну Баткен облусунун Кадамжай районунун Бирлик айылынын тургуну Жибекгүл Исмаилова бир уул, эки кызды жарыкка алып келди. 41 жаштагы үч эмдердин атасы Кубанычбек Ысмайылов жубайы Жибекгүл Ысмайылова менен 1999-жылы баш кошушкан. Үч эмдерден улуу үч кызы бар. Учурда беш кыз, 1 уулдун бактылуу ата-энеси болушту.
6-октябрда Ноокат районунун Көк-Жар айыл өкмөтүнүн 28 жаштагы тургуну Анара Кудайбердиева, үч уулду жарык дүйнөгө алып келген. Анара буга чейин бир уул, бир кыз төрөгөн.
28-октябрда Нарын облусунун Ак-Талаа районунун 40 жаштагы тургуну Айгүл Чотурова үч эм уул төрөдү. Капарбек Исаев менен Айгүл Чотурованын буга чейин беш баласы (төрт уул, бир кыз) бар болчу. Учурда алар жети эркек, бир кыздын ата-энеси болушту.
Жылдын соңку айынын 19у күнү Ош облусунун Араван районунда Азизбек Ибраимов менен 31 жаштагы Дилдора Ибраимова үч эм наристелүү болушту. Ымыркайларга Мухаммед, Хасанбай жана Хусанбай деген ысым ыйгарылды. Ата-эненин үч эмден сырткары үч баласы болгон.
Былтыркы жылы 26-ноябрда Кыргызстан калкынын саны 6 миллионго жеткен. Алты миллионунчу наристе Ош шаарында аскер кызматкеринин үй-бүлөсүндө жарыкка келген. Акыркы жылдары үч эм наристелердин төрөлүшү көп болгону менен, алардын көпчүлүгү социалдык оор турмушта жашашат. Социалдык өнүктүрүү министрлигинин маалыматына ылайык, 16 жашка чейинки 103 үч эм бала аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдары болуп, жөлөк пул алышат.
Назгүл Бостонбаева