Жыл сереп – 2016: Экономикага таасир берген чечимдер
Өтүп бараткан жылы сырттан насыя грант түрүндө каржылык колдоо алуу менен чектелип, өлкө экономикасына салым кошо турган ири долбоорлор ишке ашкан жок. А мамлекеттик карыз болсо 4 млрд. доллардын чегине жетип калды. Келерки жылдан үмүт артып үстүбүздөгү жылды узатып жатабыз. Ошентсе да 2016-жылдагы экономикага таасир этүүчү чечим менен жыйынтыктарды санай кетсек.
Январь
Президент менен Жогорку Кеңеш Россия менен ГЭСтерди куруу боюнча келишимди денонсациялады.
Февраль
Февралдан тарта доллар менен берилген ипотекалык насыялардын 40 миң долларга чейинкиси 62,14 сом менен эсептеле баштады. Тиешелүү токтом өкмөттүн жыйынында кабыл алынды.
Март
Өкмөт башчы Темир Сариев эсеп-кысапты сом менен жүргүзүү тууралуу токтомго кол койду, токтомго ылайык 7-апрелден тарта соода, иш жана кызмат көрсөтүү акылары улуттук валютада көрсөтүлүшү керек.
Апрель
Германиянын өнүктүрүү банкы Кыргызстандын 13,5 млн евро карызын кечти.
Май
Тажикстанда аймактык энергетикалык CASA-1000 долбоору расмий ачылды. Салтанатка Кыргызстандын премьер-министри Сооронбай Жээнбеков катышты.
“Фонекс” деген ат менен белгилүү “Семь Мобайл” компаниясы Кыргызстандын бардык аймагында тейлөө көрсөтүүнү токтотту.
Июль
Ош - Тамчы туристтик авиакаттамы ачылды
Сентябрь
"Мегаком" компаниясын сатуу боюнча аукцион жарыяланды
Аукциондо 777 ААА автоунаа номуру 1 миллион 716 миң сомго сатылды. Маалыматка караганда, бул каражат онлайн-аукцион башталгандан бери мамлекеттик номур үчүн сунушталган эң жогорку баа.
Декабрь
Өкмөт ишкерликти жеңилдетүү максатында 50 токтом жана 12 өзүнчө пункттар күчүн жоготту деп тааныды. Өкмөттүн аталган токтомуу 22-декабрда күчүнө кирди.
"Мегаком" компаниясы сатылган жок. Сатуу боюнча аукцион аяктады сынакка бир дагы арыз түшкөн эмес.
Казакстан Кыргызстанга көзөмөл өткөрмө бекеттеринин шарттарын жакшыртууга жана лабораторияларды Евразия экономикалык биримдигинин нормаларына ылайык жабдууга техникалык колдоо иретинде 100 млн. доллар бөлдү.
Кара-Кече көмүр кенине кайрадан инвестор тартуу иштери башталды
2016-жылдын болжолдуу жыйынтык статистикасы
Грант жана насыялар
350 млн. долларга барабар насыя жана гранттар келген.
1 млрд. 660,2 млн. долларга барабар каражат сырттан которулган. Өткөн жылдагыдан 17 пайызга өскөн.
535 млн. долларга барабар инвестициялык каражат келген. Бул сумма 16,6 пайызга кыскарган.
Насыя
“Жеткиликтүү турак-жай 2015-2020” программасынын алкагында 563 млн. сомго 491 ипотекалык насыя берилген.
Кыргыз-Россия өнүктүрүү фонду тарбынан 603 долбоорго 173,5 млн. доллар насыя берилген.
“Айыл чарбаны каржылоо-4” долбоорунун алкагында 3,6 млрд. сомго 11 миң 94 дыйканга жеңилдетилген насыя берилген.
Бюджет
Алтын валюталык резервдин көлөмү 4,4 тонна.
Өлкө бюджетинин тартыштыгы 17 млрд. 511,3 млн. сомду түздү.
Кыргызстандын эл аралык резерви 1 млрд. 917,8 млн. доллар.
Чыгарылган өнөр жай продукциянын көлөмү 178 млрд. 379,1 млн. сомго барабар.
31-октябрдагы расмий маалымат боюнча мамлекеттик карыз 4 млрд. 92.74 млн. долларга жеткен. Анын 3 млрд. 783.3 млн. доллары тышкы карыз.
2017-жылы курулушу пландалып жаткан ишканалар
Өтүп бараткан жылда өлкө эконмикасын көтөрүүгө салым кошо турган бир дагы ири ишкана курулган жок. Муну өлкө башчы Алмазбек Атамбаев жыл жыйынтыгын чыгарган маалымат жыйынында айтып өттү. Бирок мындай көрүнүш 2017-жылы жакшы жагына өзгөрөөрүн үмүтү бар экенин билдирди.
“Кайыңды-Кант” жана “Кошой” кант кызылчасын иштетүүчү заводдорун кайра калыбына келтирүү пландалып жатат. Бул долбоорго 15 млн. доллар жумшалат.
Келерки жылы 45 жумуш оордун түзөгөн макарон азыктарын, кондитер азыктарын жана комбикорм чыгара турган ишкананын курулушу башталып 2018-жылы аяктайт. Ишкананын курулушуна 13,76 млн. доллар сарталат.
Келе жаткан жылы 123 адамды жумуш менен камсыздай турган трикотаж кездемесин чыгаруучу фабрика куруу максатталууда. Аталган ишкана ишке кирсе жылына 119 миң 346 доллар салык түшөт. Долбоорго 9,78 млн. доллар жумшалат.
Жылына 150 миң тонна арматура чыгаруу мүмкүнчүлүгүнө ээ завод салынат. Заводдун курулуш наркы 7,45 млн. доллар турат.
Чүй облусуна айыл чарба азыктарын консервалоочу ишкана түзүлөт. Ишкана ишке кирсе 437 үй-бүлөөгө киреше алып келери күтүлүүдө. Бул долбоорду ишке ашыруу үчүн 5,5 млн. доллар кетет.
Таш-Көмүр шаарына жылына 5 миң тонна продукция өндүрүү мүмкүнчүлүгү бар металлургиялык кремний чыгаруучу ишкана курулат. Эгер долбоор ишке ашса 5 млн долларга чейин чет өлкөлүк инвестциянын келиши күтүлөт. Ишкананы өндүрүшкө берүү үчүн 4,4 млн. доллар зарыл.
2017-жылы Ленинск айылында жайгашкан канатуулар фабрикасын модернизациялоо пландалып, 3 жаңы цех ачуу, керектүү тетиктерди сатып алуу жана кампаларды куруу күтүлүп жатат. Бул долбоордун наркы 3,6 млн. долларды түзөт.
Чүй облусундагы Беш-Күңгөй айылындагы теплоизоляция материалдарын (пенопласт) чыгарган завод өндүрүшүн кеңейтет. Долбоорго 1,6 млн доллар жумшалат.
Ош областында кыш чыгаруучу жана таш майдалоочу завод курулат. Долбоор ишке ашса 126 адамды иш менен камсыз кылат. Ага 1,6 млн. доллар инвестиция салынат.
Бекхан Асанов