Жыл сереп – 2016: Кайдыгерликтен кайрымдуулукка
Акыркы убактарда жаштар арасында жеке кубанычтарына кетчү чыгымдарды жардамга муктаж адамдарга сарптоо жөрөлгөсү жанданып баратат. Жаштар үйлөнүү үлпөт тойлорунда, мектепти бүткөндүгүнүн 10, 20 жылдыгына арналган салтанаттарга кетчү чыгымдарды кайрымдуулук иштерине жумшаган көрүнүштөрдүн катары көбөйүүдө. Бул жылы салттуу иштердин нугун өзгөртүп, жардамга муктаждардын жашоосуна жарык нурун чачкан кайрымдуу окуяларды тизмектедик.
Үйлөнүү тойдон үнөмдөлгөн каражаттар
Жаңы окуу жылынын алдында Ош облусунун тургуну Темирлан Токоев жубайы экөө үйлөнүү тоюнда ЗАГСка чыкчу унааларга сарптала турган акчага отузга жакын мектеп окуучусуна окуу куралдарын сатып беришти.
* * *
Ош шаарынын тургуну Абдишүкүр Абдилатипов колуктусу Аида экөө тойдогу ыксыз чыгымдардын ордуна Ош облустук ооруканасында көптөн бери дарыланып жаткан 100 бейтапка китеп белек кылышты. Турмуш сапарына аттанып жаткан жаштар бейтаптарга белгилүү дин аалымы Аид аль-Карнийдин "Капаланба, же бактылуу болуунун рецептери" аттуу китебин таратып, узак сапардын алдында бата алышты.
* * *
Бишкек шаарынын тургуну Азамат Аманов үлпөт тойдогу шаан-шөкөттүн ордуна жардамга муктаж 30 балага мектепке керектүү кийим жана буюмдарды алып берди. Той ээси Азамат Аманов ата-бабалардын салтын улап, ашыкча чыгымдардан баш тартып жатканын билдирген. Алар балдардын тизмесин Социалдык өнүктүрүү министрлигинен алышкан.
* * *
Декабрь айынын башында Талас облусуна караштуу Бакай-Ата районунун Кең-Арал айылында жаңы үйлөнгөндөр тойго кете турган чыгымга аз камсыз болгон үй-бүлөнүн 30 баласына кышкы кийим алып беришти.
* * *
Жала-Абад облусунун Кара-Көл шаарынын жаңы баш кошкон жубайлары Акыл Кушубаков менен Гүлнара Алешова үйлөнүү тоюнда шаардагы маданият үйүнүн алдына карагайдын көчөтүн отургузушту.
10, 20 жылдыкта жакшылыкка арачы болгондор
Мектепти аяктаганына 20 жыл толгон Ак-Талаа районунун Жаңы-Талап айылынын жаштары салтанатта сайрандоого кетчү чыгымды эрте жазда ата-энесиз калган төрт бир тууганды үйлүү кылууга сарпташты. Классташтар акча чогултуп, айыл өкмөттөн жер бөлдүрүп томолой жетим төрт наристени кубанычка бөлөштү. Балдардын атасы бир нече жыл мурда кайтыш болгон болсо, апасы өткөн жылы автокырсыктан каза болгон. Жаңы өргөгө чейин балдар колхоздогу тактай тилүүчү жайындагы кароолчунун үйүндө жашап келишкен. Балдардын улуусу студент болсо, кенжеси 1-класста окуйт.
* * *
Талас облусунун Бакай-Ата районундагы Оро айылында 1985-жылы туулган балдар жети балалуу үй-бүлөгө төрт бөлмөлүү үй куруп беришти.
* * *
Нарын районундагы Дөбөлү айылындагы Өмүр Токтосунов атындагы мектептин он жыл мурунку бүтүрүүчүлөрү мектептеги кароосуз калган жер төлөнү оңдоп, спорт зал куруп беришти.
* * *
Талас облусунун Бакай-Ата районундагы Кызыл Октябрь айылында мектепти мындан 10 жыл мурун аяктагандар эки балалуу майып аял Акгүл Акматалиевага үч бөлмөлүү үй салып беришти. 11 бала жалпысы болуп 150 миң сом акча чогултуп, курулуш иштерине өздөрү иштеген.
* * *
Чүй облусунун Сокулук районунун Төш-Булак айылындагы мектептин мындан он жыл мурдагы бүтурүүчүлөрү жардамга муктаж эки үй-бүлөгө бирден тай белекке берип, үйдөгү бөбөктөрду кубантты.
Агартуу жаатындагы кайрымдуулук
"Action club" деп аталган жаштар уюму Бишкектеги №47 абакта отургандарга китеп белек кылуу максатында “Бир китеп – бир жашоо” акциясын баштап, китеп чогултууда. Уюштуруучу Айбек Таалайбеков абакта олтургандардын кийинки жашоосунда берген китептерибиз жакшы жашоого кайтууга түрткү берсе, анда максатыбызга жеткенбиз деди.
* * *
“Инсан таануу” коомдук уюму Ош шаарындагы борбордук көчөлөрдүн биринде “Мүмкүнчүлүгүң болсо ил! Муктаж болсоң ал!” деген кийим үкөгүн орнотту. Демилгечилер кийим текчесин орнотуу менен бирге жаштарды кайрымдуу болууга чакырып, муктаж адамдарга колдоо көрсөтүү максатын көздөгөн.
Буга чейин аталган уюмдун жаштары шаардагы аялдамаларга бут кийим тазалоочу каражаттар салына турган кутучаларды орноткон.
* * *
Журналист, активист Элвира Акимова Тажикстандын Мургаб районундагы кыргыз мектептери үчүн предметтик китептерди, окуу куралдарын, мугалимдер үчүн методикалык колдонмолорду жеткирүүнү пландап, китеп чогултуу акциясын баштады. Акимова ушул тапта китеп чогултуу боюнча жарыяны социалдык тармактар аркылуу берип, китеп берүүчүлөрдүн тизмесин түзүп жатат. Китеп топтолгон соң жаз айларында аларды Мургаб районуна жеткирип берүүнү пландоодо.
Президенттин кызы, ырчы, ишкер...
Ушул жылдын март айында Президент Алмазбек Атамбаевдин кызы Алия Шагиева Бишкекте өзү тарткан сүрөттөрдүн көргөзмөсүн уюштуруп, андан түшкөн 200 миң сомду Даун синдромуна чалдыккан балдарды дарылоого өткөрүп берди. Ал сүрөттөрдү калем сап менен тартып, жарым жыл ичинде 30га жакын картина даярдаган.
* * *
Ак-Талаа районунун Кара-Бүргөн айылынын 29 жаштагы тургуну Хамзат Таалайбек уулу төрт баласы бар жалгыз бой энеге үй салып берди. Жалгыз бой эне буга чейин бирөөнүн үйүндө убактылуу жашап турган. Бир үй-бүлөнүн кубанычына себепчи болгон Хамзат айылынын кире беришине эс алуучу жай курууда.
* * *
Ырчы Аяна Касымова кайрымдуулук концертинен түшкөн 74 миң рубль каражатты рак илдетине чалдыгып, Москвада дарыланып жаткан 1,5 жашар Айдарга берди. Баланын операциясы үчүн7 млн. рубль керектелип, ага дүйнөнүн ар тарабынан кайрымдуулар жардам колун сунушкан. Россиялык ырчы Нюша 300 миң рубль берген. 21-апрелде балага жүлүнүн алмаштыруу үчүн операция ийгиликтүү өткөн.
* * *
26 жаштагы Талант Тилен уулу жаштарды өнүктүрүү институтуна грант жазып, өзү жашаган Нарын облусунун Кара-Саз айылына таштанды салуучу урналарды орнотуп берди. Тилек буга чейин да борбордук көчөлөргө жарык өткөрүп, айыл жаштарынын жардамы менен отургучтарды орнотуп, карагай-балаты тигишкен.
* * *
Талас облусунун Бакай-Ата районундагы Эшимбек Капалов атындагы мектепте мурда иштеп кеткен, учурда Москва шаарында үй-бүлөсү менен иштеп жүргөн жубайлар аталган мектепке 30 парта жана 30 отургуч жиберди. Демилгечилер эмеректерди Кыргызстанга жеткирүү чыгымын да мойнуна алышкан.
* * *
Баткен районунун Кара-Булак айылынын жаштары каражат чогултуп жардамга муктаж болгон 25 үй-бүлөгө азык-түлүк, көмүр жана кышкы кийим менен камсыз кылышты.
* * *
Кадамжай районунун Тамаша айылынын мечит жамааты айылдагы жараксыз абалдагы көпүрөнү оңдоп, колдонууга беришкен.
* * *
Жаз алды менен Баткен облусунун Кадамжай районунун Актурпак айыл өкмөтүнө караштуу Миң-Чынар айылынын имамы Бердикул Ашировдун демилгеси менен 50 түп жүзүм көчөтү жана гүл отургузулду.
* * *
Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун 1-май айылындагы 6 жетим бала айылдын имамы Сатыбалды ажы Нажимидиновдун демилгеси менен ак өргөлүү болушту. Үй-бүлдөдө 3 уул, 3 кыз болсо, улуусу 20 жашта, кичүүсү 6 жашта.
* * *
Декабрь айынын башында атын атагысы келбеген дагы бир мекендешибиз Беловодск айылындагы оорулуу балдардын психоневрологиялык социалдык-стационардык интернатына 815 миң сомдук унаа алып берди. Аталган мекемеде жашы төрттөн 18ге чейинки 230 бала бар. Көпчүлүгү шал оорусу оорусу менен жабыркайт.
Назгүл Бостонбаева