Жыл сереп – 2016: Саясаттагы салмактуу окуялар тизмеги
Саясаттын саз деңгээлинен ары көтөрүлө албай жаткан Кыргызстан бул жылы да саясий окуяларга бай болду. Мэр шайлоодон башталган жыл башы тогузунчу ирет өлкөнүн баш мыйзамын өзгөртүү үчүн өткөрүлгөн референдум менен жыйынтыкталды.
Жыл ичиндеги саясий жана геосаясий окуялардын негизгилерин тизмектедик.
Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы “Парламент такси” теледолбоорун баштады. Ар апта сайын бирден эл өкүлү көчөдөгү элди акысыз ташып, жолдо алар кызыккан суроолорго жооп бермей болду. Долбоордун алгачкы катышуучусу депутат Узарбек Жылкыбаев таксини өзү айдап, Лейлек районунан келген эки чоң апаны “Пригородный” дачасындагы кызынын үйүнө жеткирди.
***
11-январда Борбордук шайлоо комиссиясы Жыргалбек Саматовго Жогорку Кеңештин депутаты мандатын кайрадан берди. БШК мына ушуну менен Саматовдун мандатын эки жолу алып, үчүнчүсүндө кайра берди. Жыргалбек Саматов “Республика Ата Журт” партиясынын тизмесинен депутат болуп шайланган.
***
Президент Алмазбек Атамбаев "Адам органдарын жана ткандарын трансплантациялоо тууралуу" мыйзам долбооруна кол коюудан баш тартты. Ага чейин депутаттар мыйзам долбоорун үч окууда тең жактырып, президенттин кароосуна жөнөткөн болчу.
Президент бул иш менен алектенүү укугу жеке клиникаларга берилгени жаткандыктан көзөмөл жагынан тобокелдик көп экени жана буга өкмөт даяр эмес экени менен түшүрдүргөн.
***
27-февралда Бишкектин жаңы мэри болуп Албек Ибраимов шайланды. Анын талапкерлигине шайлоого катышкан 43 депутаттын 42си колдогон.
***
1-мартта бир катар саясатчылар “Кыргызстандын бирдиктүү оппозициялык күчүнө” биригүү тууралуу чечим кабыл алды. Ага Адахан Мадумаров, Өмүрбек Суваналиев, Бегалы Наргозуев, Дүйшөн Сооронбаев жана Камчыбек Ташиев кирген.
***
22-мартта Интернетке Эрнест Карыбеков, Дастан Сарыгулов, Тургун Нурматов аттуу адамдын сүрөттөрү тиркелип, Камчы аттуу адам жана аты белгисиз дагы бир аял бар, катышкан бийликти күч менен алмаштыруу тууралуу жазылган аудио тарады. Аудиодо бул адамдарга окшош үн менен сүйлөгөн жарандар күч түзүмдөрүнө кимди, кантип алып келүүнү талкуулашкан.
***
27-мартта Бүгүн Баткен, Жалал-Абад, Нарын, Ысык-Көл, Чүй, Ош облустарында жана Ош шаарында жергиликтүү кеңештерге шайлоо өттү.
***
“Ата Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев апрель элдик революциясынын 6 жылдыгына арнап “Убактылуу өкмөт” аттуу китеп жазды. Китеп депутаттын алгачкы басма эмгеги. Анда 2010-жылдын 7-апрелинен 21-декабрга чейин убактылуу өкмөттүн ишмердиги чагылдырылган.
***
Парламент 7-апрелди эс алуу күнү катары белгилөө мыйзамын кабыл алды.
***
Балыкчы — Корумду жолун оңдоодогу тендерден улам чыр чыгып, анын арты өкмөт башчы Темир Сариев, Транспорт жана жол министри Аргынбек Малабаев, орун басары Улан Уезбаевдин кызматтан кетиши менен аяктады.
***
Депутат Тилектеш Исаев кызматтык батирден баш тартты.
***
12-апрелде "Элдик парламент" деп аталган коомдук бирикме тузүлдү.
***
Сооронбай Жээнбеков премьер-министр болуп шайланды. Төрага Асылбек Жээнбеков бир тууган агасы премьер-министрликке көрсөтүлүп жатканына байланыштуу төрагалыктан кетти.
***
Президенттик аппараттын мурдагы жетекчиси Данияр Нарымбаев менен экс-депутат Хажимурат Коркмазов күнөөлүү деп табылды. Нарымбаев экс-мэр Нариман Түлеев камакта жаткан кезде анын кызынан 200 миң доллар пара талап кылган, ал эми Хажимурат Коркмазов бул иште ортомчулук кылган деп айыпталган. 29-декабрда Данияр Нарымбаев Биринчи май райондук соту тарабынан бошотулду.
***
Айтмамат Кадырбаев кайрадан Ош шаарынын мэри болуп шайланды. Ал 2013-жылдын 15-январынан бери Ош шаарын башкарып келет.
***
Жогорку Кеңештин депутаттары кумсаларды үгүттөөгө каршы мыйзам долбоорун экинчи окууда артка кайтарды. Мыйзам долбоорунда массалык маалымат каражаттары аркылуу кумсалыкты үгүттөөгө тыюу салуу каралган. Ал күчүнө кирсе бир жыныстагылардын сексуалдык мамилесин жайылткан жаран жоопко тартылары каралган.
Бул демилгеге каршы БУУнун Адам укугу боюнча кеңеши тынчсыздануу билдирип, мындай мыйзам кабыл албоого чакырган.
***
28-майда Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Хажимурат Коркмазовдун абактагы жаза мөөнөтү аяктаганына байланыштуу эркиндикке чыкты.
***
Президент Алмазбек Атамбаев Конситуциядагы улуттук суверенитет жана коопсуздукка коркунуч туурдурган беренелерге өзгөртүү киргизүүнү колдой турганын жар салды.
***
Бишкек шаарынын мурдагы мэри Нариман Түлеевге карата эки жолу мунапыс колдонулуп, мамлекетке келтирилген 60 миллион сомго жакын чыгымды төлөп берген соң камактан чыгарылды.
***
Интернетте “Элдик парламент” уюмунун лидерлери Төрөбай Кулубаев, Бекболот Талгарбеков жана Марат Султанов катышкан телефондук сүйлөшүү деген аудиотасма тарады.
***
Жогорку Кеӊеш өлкөдө мамлекеттик лотереядан башка лотереялык ишмердүүлүккө тыюу салган мыйзам долбоорду биринчи окууда кабыл алды. Демилгечилер өлкөдө казинолор менен букмекерлер жабылгандан кийин алардын ордун лотереялык оюндар ээлеп, көптөгөн адамдардын турмушун бузуп жатканы менен байланыштырган.
***
Эгемендиктин 25 жылдыгына жана Үркүндүн 100 жылдыгына карата абактагыларга мунапыс жарыялоо тууралуу мыйзам парламент депутаттары тарабынан колдоо тапты.
***
Паспортко улутун жазбоо сунушу сынга кабылды.Жарандын улуту көрсөтүлбөй турган паспорттун жаңы үлгүсү боюнча долбоорду Мамлекеттик каттоо кызматы сунуштаган.
***
Президент Алмазбек Атамбаев Шанхай кызматташтык уюмунун Ташкендеги саммитинин алкагында Өзбестандын маркум президенти Ислам Каримов менен жолугушту.
***
Аксы районундагы Үңкүр-Тоодо Кыргызстандын радиорелейлик станциясы жайгашкан. Март айында жергиликтүү депутаттар аларга өкмөттөн бул станцияны көчүрүү тууралуу протокол келгенин, анда радиорелейлик мунара Өзбекстандын аймагында деп жазылганын, бирок эч убакта ал жер өзбек тараптыкы болбогонун айтышкан. Жергиликтүү активисттер тарабынан Аксыда Үңкүр-Тоону коргоо комитети түзүлдү.
***
Жогорку Кеңеш БШКнын жаңы курамын шайлады. Ага төрайым болуп президент сунуштаган Нуржан Шайлдабекова шайланды.
***
Президент Алмазбек Атамбаевдин гитара менен ырдаган ыры интернетте жарыяланды. Андан көп өтпөй президенттин «Кыргызстаным» аттуу ыры да чыкты.
***
Жогорку Кеңештин экс-депутаты Урмат Аманбаева боштондукка чыкты. Сот Аманбаеваны "кылмышка шериктеш болгон" жана "кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган" деп таап, 3 миллион сом айып төлөөгө милдеттендирген. Аманбаева бул айыпты мамлекеттин эсебине төлөп берди.
***
Өзбекстан 22-августта Үңкүр-Тоодогу радиорелейлик станцияда иштеп жаткан төрт кыргыз жаранын кармап кетти.
***
Бир убакта эки кырсык: Москвадагы өрттө 14 кыргызстандык кыз-келиндин каза болушу жана Ош-Бишкек жолундагы автокырсыкта 9 кишинин набыт кеткенине байланыштуу 29-август аза күтүү күнү болду.
***
Экс-депутат Эркин Алымбеков Ысык-Көлдө жүргөн маалда каза болду.
Ал 2010-жылдын 10-ноябрында бешинчи чакырылыштагы Жогорку Кеңештин депутаты болгон.
***
31-августта Эгемендиктин 25 жылдыгына карата уюштурулган Ала-Тоо аянтындагы салтанатта президент Алмазбек Атамбаев сөз сүйлөп жатканда экс-президент Роза Отунбаева аянттан кетип калды.
***
Ош шаарына караштуу Озгур айылында “Семетей” балдар бакчасынын ачылуу аземинин алдында расмийлерди күткөн окуучулардын бири эси ооп кулап түштү. Окуучулар бакчага таңкы саат алты жарымда келишкен болсо, кызыл лентаны кыркуу үчүн биринчи вице-премьер-министр Мухаммедкалый Абулгазиев баштаган чиновниктер бакчага саат 9да барышкан. Андан көп өтпөй Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев тарабынан каржыланган “Жетиген” мектебинин ачылышына өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков баштаган расмийлерди күткөн дагы бир окуучу эстен танды. Буга чейин да Ош шаарындагы “Өчпөс от” мемориалдык комплексинде премьер-министр Темир Сариевди тосуп алууга чыккан окуучулардын бири эсин жоготкон.
***
Өмүрбек Текебаев Баш мыйзамды өзгөртүүгө каршы чыкты.
***
Экс-депутат Нурлан Төрөбеков каза болду. Ал ооруканада кант диабети жана башка оорулары менен дарыланып жүргөнү белгилүү болду.
***
Ысык-Көлдө көз карандысыз мамлекеттер шериктештигине мүчө өлкөлөрдүн өкмөттөр аралык кеңешинин XX отуруму болду.
***
14-сентябрда депутат Өмүрбек Бабанов тарабынан көпчүлүк коалициядан чыгуу чакырыгы айтылды.
***
Бүгүн Бишкекте КМШ өлкө башчыларынын саммити башталды.
***
“Ата Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев президент Алмазбек Атамбаевди Кой-Таштагы “Дастан” заводуна караштуу жерди басып алып, үй курду деп айыптап чыкты. 1-декабрда өткөн жылдык маалымат жыйынында президент Алмазбек Атамбаев ал жерди таза эмгеги менен мыйзамдуу сатып алганын ырастады.
***
19-сентябрда Президент Алмазбек Атамбаев АКШнын Нью-Йорк шаарында өтүүчү БУУнун Башкы ассамблеясынын жыйынына баратып, өзүн жаман сезген үчүн Түркияда дарылануу үчүн калды.
***
Бириккен Улуттар уюмунун Башкы ассамблеясынын Нью-Йорктогу саммитине катышып жаткан кыргыз делегациясы Кадыржан Батыровду Европа коопсуздук жана кызматташтык уюмунун (ЕККУ) жыйынына чакырылбай турган кишилердин тизмесине кошууну суранды.
***
28-сентябрда Кыргызстанда “Жаштар парламенти-2016” долбоору башталды. Анын алкагында жаштар Жогорку Кеңештин ишмердигин көрүп, депутаттар менен өлкөнүн саясий, экономикалык жана социалдык багытындагы маселелерди талкуулашмай болду.
***
Жогорку Кеңеш Конституцияга өзгөртүү киргизүү боюнча 4-декабрда референдум өткөрүү тууралуу мыйзам долбоорун каттоого алды.
***
19-октябрда конституциянын түп нускасы жоголгон деген маалымат тарады.
***
Конституциядагы өзгөртүүлөргө байланыштуу парламентте пикир келишпестик орун алып, жыйыныгында көпчүлүк коалициясы тарап кетти. Көп өтпөй жаңы коалиция куралып, ага КСДП, «Кыргызстан” жана "Бир Бол" фракциялары кирди.
***
"Ата Мекен" фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев президентке импичмент жарыялай турганын жар салды. Президенттин аппарат импичмент жарыялоого негиз жок деп билдирди.
***
Камчыбек Ташиев менен Өмүрбек Бабановдун тандеми бузулду.
***
Саясатчылар Адахан Мадумаров, Акматбек Келдибеков жана Камчыбек Ташиевдер биригип, үчөөсүнун бири келерки жылы болчу президенттик шайлоого аттана турганын билдирди.
***
11-декабрда жергиликтүү кеңештерге шайлоо менен бирге референдум өттү.
Назгүл Бостонбаева