Жыл сайын 9-май – Улуу Жеңиш күнүнө карата «Эстелик жанына келип, энелер ыйлабагыла» деген ары муңдуу, ары кайрат айткан саптар жаңырат.
Бул ыр алгач, "Уулуңар тирүү катарда" деген ат менен чыккан. Кийинчерээк ал "Эстелик" деген элдик атка ээ болгон. 1984-жылы Жеңиштин 40 жылдыгына карата Бүткүл союздук фестиваль жарыяланып, ошонун алкагында жаралган.
Ырда согуштун бүтүндөй кайгы-капасын, арман-асыретин өз мойну менен көтөрүп, каза болгон уулдарынын азабын тарткан энелердин жан дүйнөсү чагылдырылган.
Ырдын сөзү акын-жазуучу Атакул Жакыповго таандык. Ал эми ырдын обонун Хабибилла Азиреткулов жазган. Элдин жүрөгүнөн түнөк тапкан бул ырды биринчилерден болуп Кыргызбай Осмонов, Айбек Касымов, Бакытбек Убукеев, Алик Балбаков, азыркы ырчылардан Самара Каримова аткарган.
Ыр менен обон бири-бирин толуктап, согуштун кара тактарын эске салуу менен, миңдеген угармандардын жүлүнүн сыздатып келет.
Ырдын жаралуу таржымалы тууралуу авторлор биз менен ой бөлүштү.
Атакул Жакыпов: "Ыр энелердин жан дүйнөсү өзгөчө ачылып берилгендиги менен баалуу"
- 1984-жылы күз айларында обончу Хабибилла Азиреткулов согуштун 40 жылдыгына карата обон жазуу ниетин билдирип, ошол апаатты өз мойну менен көтөрүп, канчалаган көз жашын төккөн апалардын, энелердин жан дүйнөсүн ачып берүү өтүнүчү менен кайрылып калды. Анан мен ырдын текстин жазууга кириштим. 9-майда колхоздун чоң клубунда бет ачар аземин өткөрдүк. Ошол кездеги Лейлек районунун райкомунун үчүнчү катчысы Айпери Карыбекова баш болгон энелер залда жык-жыйма олтурушкан. Зал ичи чымын учса угулган жымжырттыкка бөлөнүп, ыр аягы чыкканча залдын ичин энелердин, карыялардын шолоктоп ыйлаган добушу каптап кетти. Эч качан көзүнө жаш албаган Айпери Карыбекованы карасам, ал кишинин дагы көзүндө жаш мөлтүрөп турган экен. Бул ырдын ушунчалык күчтүү чыгышына өзгөчө обонунун жеткиликтүүлүгү, аны ийине жеткирип, адамдардын жүрөгүнө таасир эте турган, күчтүү үн менен аткарган Хабибилла Азиреткуловдун баа жеткис эмгеги себепкер.
Хабибилла Азиреткулов: "Согуш капшабы жан дүйнөмдү жай алдырчу эмес эле"
- Биз бала кезден эле ошол каардуу согуштун капшабын угуп чоңойбодукпу. Чоң ата, чоң энелерим согуш тууралуу көп айтаар эле. Өзгөчө чоң энем согушта курман болгон бир туугандарын эскерип көп ыйлачу. Мына ушулардын баары медицинанын тили менен айтканда кандайдыр бир айыкпаган илдет сыңары келе берген да. Бул обонду өзүмдүн кичи мекеним Лейлекте орто мектепте иштеп жүргөн мезгилде чыгаргам. Анда менин 25теги курагым болчу. Чыгармаларымдын алгачкы угуучусу жана сынчысы апам болор эле. Обонду түн ичинде жазып бүтүп, өзүмдүн купулума толгон соң апамды ойготуп, ага уктурдум. Апам көзүнө жаш алып, аябай жакшы чыгарыпсың дегени али да эсимде. Турмушта деле "балам" деп мөгдөп калган энелерибизди кезиктиргенде жүрөгүм канап, жүлүнүм сыздап кетет. Бул ырдын мааниси энелерге көңүл айтуу менен, эч качан алардын көз жашы акпасын деген тилек болгон. Эң алгач мектепте иштеп жүргөндө Жеңиш майрамына карата сахналык оюн уюштуруп, анда эненин эстеликке келип гүл коюп ыйлап кеткен көрүнүшү менен ырды аткаргам. Ал кезде бул ырымдын бактысы минтип ачыларын деле билген эмесмин. Кийин райондук, облустук, республикалык кароо-сынактарда жалаң биринчи орунга ээ болгом. Ошентип, эл өзү урматтап аны ушул деңгээлге алып чыкты деп ойлойм.