Психологияда бай болуу да өзүнчө илим экенин айтылат. Баарыбыз эле бай болууну самаганыбыз менен, анын арифметикасын биле бербейбиз. Акыркы убактарда оратордук чеберчиликти өнүктүрүү, ийгиликке жетүүнүн жолдору, акчаны сактоо жана көбөйтүү жаатындагы тренингдер кыргыз тилинде кулач жая баштады. Кыска убакыттан бери коомчулукка акча табуунун жолдору, аны сактай жана көбөйтүү билүү сырлары менен бөлүшүп, каржылык көз карандысыздык боюнча тренинг борборун түптөгөн бизнес-тренер Аксана Рыскулова “ZAMAN.KGде” конокто болду.
Ар бир эле жумушту аткарууга бел байлоого кайсы бир жагдай түрткү берет эмеспи. Анын сыңары Сиздин бизнес-тренинг борборду негиздеп, адамдарды акча көз карандысыздыгынан арылуусуна жардам берүүгө эмне түрткү болду?
Үч жыл мурда атайын тренингдерге катыша баштагам. Өзүм элет жеринен чыккан карапайым кыз болсом, тил жагынан көйгөй жаралды. Кыргызстанда эне тилибизде өтүүчү тренингдерди издеп таппадым. Ошондо мен өзүмө максат коюп, кыргыз тилинде сабак өтүүчү тренинг борборду негиздеп, сабактарды окутам деп максат кылган элем. Мына ушул тилек жана тренер болууга шыктануунун негизинде ачылды.
-Негизинен кайсы багыттар боюнча окутасыз?
-Эң оболу каржы темасына кызыктым. Баарыбыздын эле көйгөйүбүз, бара турган багытыбыз акчага келип такалат. Көп акча тапкыбыз келет. Бизнесибизди жакшы жолго койгубуз келет. Кантип көп акча тапса болот? деген суроолорду коюп, Роберт Кийосаки деген дүйнөгө таанымал бизнес-тренердин “Бай атам, кедей атам” аттуу орус тилинде чыккан китебин окуп калдым. Ушул китепти окугандан кийин өзүмө аябай мотивация алып, мен деле жасай алат турбаймынбы деп дээликкем. Бир-эки күндөн кийин өзүмө байкоо салсам, жан дүйнөм тынчтанып, жасайм деп аракет кылып жаткандарымдын баары өчүп калыптыр. Изилдеп көрсөм бул ыкмаларды Америкада жасаса болот, бизде аткарууга болбой турганына ынандым. Барар-бар мусулман тектүү тренерлер Батыштан алган тажрыйбасын биздин менталитетке ылайыктап беришти. Бул боюнча биринчи Саидмурат Давлатовдон уктум. Кантип көп акча тапса болот, бизнести кантип жакшыртууга болот, максаттарды кантип орундатса болот деген суроого жооп издеп, өзүмдүн үстүмөн иштедим. Адегенде эле өзүмдү жеңүүдөн баштадым.
-Бул багыттагы билимди интернет булактарынан алдыңызбы же атайын билим алдыңызбы?
-Адегенде өзүмө бир миллиондон ашуун каражатты өзүмдү өнүктүрүү үчүн сарптадым. Анткени, акча боюнча билим алуу эң кымбат турат экен. Ийгиликке кантип жетсе боло тургандыгы тууралуу китептерден, интернет булактарынан окуп жүргөнүбүз менен аларды аткарбайт экенбиз. Атайын тренингдерге катышып, устат менен иштегенде жакшы таасир этет. Себеби устат ар бир окуучунун кайсы сапаттары артык экенин, максатына кантип жете аларын беш колдой билет. Бир саат устат менен баарлашуу бир жыл китеп окуганга тете экен.
-Борбор ачылгандан бери канча окуучу билим алды?
-Биздин тренинг борбор ушул жылдан январынан баштап иштей баштады. 2-3 миң чамалуу жаран окушту. WhatsApp тайпамда “Өзүңдү жеңүү” деген топ бар. Ал жерде катталгандардын ички эрежеси бар. Эрте уктоого камынып, эрте турушу керек. Эң башкысы өзүңдү жеңишиң керек. Өзүбүзгө сөз берип, аткара албаган болсок, анда өзүбүзгө өзүбүз кыянатчылык кылган болобуз. Эрте менен эрте турганды, планды туура түзгөндү, алдына так кесе максат койгонду үйрөтөбүз.
-Өзүн-өзү жеңүүгө белсенген адам тренингге канча жолу катышса, күтүлгөн натыйжаны берет?
-Ар түрдүү. Кээ бирлери өзүн бир канча жыл даярдап, таптап жүргөн болот, окууга катышкандан кийин дароо эле талаптарды аткарып, өзүн жеңип кете алат.Башында WhatsApp тайпасында 20 адам бар болсо, эки айдын жыйынтыгы менен бирин-эки эле адам калды.Көп учурда биз жалкоолук кылабыз, күнүмдүк турмушка алаксып кетебиз, көп убактыбызды социалдык тармактарга арнайбыз, той-аштарга көп барабыз. Той-аш демекчи, бул иш-чара жашарып кетти. Мурда той-аштарда 60 жаштардагы муунду көрсөк, азыр 30 жаштын ары-бери жагындагылар шерине, туулган күн, "черная касса" сыяктуу шылтоолор менен көп убактысын коомдук тамактануучу жайларда өткөрөт. Анын ордуна ошол убакытка өзүбүздү өнүктүргөнгө жумшасак, жашообузду да жеңилдетип, адамдык вазийпабызды аткарган болоор элек.
-Тренингден кийин жашоосун жакшы жакка буруп кете алган окуучуларыңыз болдубу?
-Учурда 20-30- чакты окуучум жашоосун жакшы нукка буруп, жакшы жашоо образын куруп кетишти. Тренингдерди Москага, Кыргызстандын бир топ облустарына барып өтүп жүрдүм. Эң биринчи Ош шаарынын баштаганда катышуучулар арасында тренинг тууралуу түшүнүк жок болчу. Бизнес-тренинг десең, кайсы бир тармактык уюмдарга киргизип коебу деп коркушчу. Азыр эми адамдардын тренинг тууралуу түшүнүгү, сабаты алда канча жакшырып, ай сайын чакырып турушат.
Элибиздин маалыматты өзүнө бат кабыл алган жөндөмү бар. Кыздарыбыз чыйрак, жигиттерибиз намыскөй. Мен эл аралык деңгээлде билим алгандыктан казактар, башка улуттар менен чогуу окуганда Кыргызстандан барган 10 адам башка катышуучулар арасында өзгөчөлөнүп турдук. Физикалык эмгек менен акыл эмгегинин айкалышы бизде эң жакшы экенине күбө болдум. Маалыматты тез дагы кабыл алып, тоого чыгып, муздак сууга түшүп, эрте туруу боюнча алдыда болдук. Болгону бизде маалымат жетишпейт экен. Ошону калың элдин катмарына таратсам деген максатым бар.
-Оратордук чеберчиликти өнүктүрүү, каржылык сабаттуулук жаатындагы окууулардын келгенине аз эле болду. Бул багытта кыргыз тилиндеги эмгектер өтө эле аз. Сиз дүйнөлүк тажрыйбадан алам дебедиңизби, булар биздин менталитетке туура келеби?
-Албетте, бул жааттагы материалдарды, усулдарды дүйнөлүк адабияттардан алабыз. Бул усул америкалыктардыкы, бул немистердики деп бөлбөшүбүз керек. Бардык маалыматтардын жакшы жагын сиңирсек, демек ал биздики болот. Ата-бабаларыбыздан калган нарк-насилди да колдоном. Ушул тапта “Өзүңдү жеңүү” деген аталышта китеп жазып жатам. Акырындап адамдын өзүн өзү жеңүүгө багыт берген кыргыз тилдүү эмгектер жарык көрүп жатат. “Ойлон, ойгон” деген китеп жарык көрдү. Чыгыш медицинасы боюнча адис, тай-цзи чебери Медер Итибаевдин бул багыттагы эмгектерин белгилөөгө болот.
-Тренингге кайсы муундун өкүлдөрү көп катышат?
-Көпчүлүгү 30-35 жаштагылар. Адам баласы ушул куракка келгенде “дагы деле жалданып иштеп жүрө беремби, өз алдынча бизнес ачып, жакшы жашасам ” деп ойлоно баштайт окшойт. Алардын ичинен 90 пайызын кыз-келиндер түзөт. Бизге келгендер өзүнүн ичинде төңкөрүш жасап, алга умтуулууга аракет жасап жаткандары кубандырат. Айрыкча аялдардын мойнунда оор жүк бар. Алар бир эле учурда балдарына тарбия бериши керек, үй-бүлө коломтосун тутандырып турушу керек, жолдошун күтүшү керек, кайын журтуна жагышы керек, ошол эле учурда акча дагы табышы керек.
Биздин багыт берген сферабызды отуругучтун төрт бутуна салыштырат элем. Бир буту үй-бүлө болсо, бир буту – каржылык көз карандысыздык. Дагы бири – өзүн-өзү өнүктүрүү болсо, дагы бири – ден соолук.
-Бизде, дегеле бардык жерде талылуу маселе акча эмеспи. Ар бир эле адам финансылык көз карандысыздыкка жетүү үчүн алгачкы каамды эмнеден баштаса деп кеңеш бересиз?
-Эң биринчи акчаны сактай билүү керек. Бай болуу акчаны көп тапканга байланыштуу эмес. Бир мисал келтирейин. Бир окуучум айына 500 миң сом табам, чыгашам тапкан кирешемден көп дейт. Эгерде тапкан акчабызды чыгашадан ашыра албасак, бир буюмду көп мээнет төгүп экинчи колго кармата салгандай эле нерсе да. Азбы, көппү канча акча таппасын, анын бир бөлүгүн сактоого үйрөнүшүбуз керек. Баарыбыздын эле акча тапканга акылыбыз да, күчүбүз да жетет, таба алабыз. Ал эми аны сактоо, көбөйтүүгө сөзсүз билим керек.
-Сизди бизнес-тренер болууга кайсы жол алып келди?
-Мен лицейде катардагы эле мугалим болуп иштечүмүн.Жогоруда айткандайРоберт Кийосакинин китебин окугандан кийин оюмду өзгөртүп чакан кийим тигүүчү цех ачтым. Айылдагы бош кыз-келиндерди чогултуп, аларды жумуш менен камсыз кылдым. Сатуу маселеси боюнча алектенип, базарда тигилген ийим-кечелерди көтөрүп жүрүп сатып жүрдүм. Ар бир акчанын табылуу жолдорун изилдей берчүмүн. Дал ошол учурда “Мен жана акча” деген аталыштагы тренингге катышып калып, жашоомду башка нукка өзгөртө алдым.
Биз өзүбүздүнжашоодогу миссиябызды, бул жашоого жаралган максатыбызды таппай эле, акчанын артынан түшүп кетет экенбиз. Биз жакшы ден соолук, даамдуу тамак, жакшы ата-эне, айтор бардык жакшы баалуулуктарды алганыбыз менен, өзүбүз жашоого жакшы нерсе бере элек экенбиз. Акча деле ушундай нерсе. Сен канчалык көп берсең, сага келе турган акча ошого байланыштуу экен.
Эгерде жакшы нерсеге жетишем десең, акча тууралуу 350 саат сабак ал деп айтылат. Мен ушуга максат кылып, 360 саат сабак алдым. Акча тапканды, көбөйткөндү, сактаганды, акчанын артынан чуркабай, акча сага иштей тургандай ыкманы үйрөндүм. Эң жакшы салым - өзүнө өзүң арнаганың. Аны эч ким тартып ала албайт. Эки күндүк тренинг 1900 сомду түзөт. Биринчи күнү акысыз түрдө өтөбүз. Өзүнүн жашоосуна кайдыгер карабаган жарандарыбыз, мектептерде, жогорку окуу жайларында чакырып турушат.
-Элибизде көп акчалууга мамиле башкача. Акчаны сактабоого чакырык таштаган “Акча колдун кири” деген да кеп бар. Ушуга кандай карайсыз?
-Менин ата-тегим деле бай кишилер эмес. Бирок бизде сиңип калган “кедейчиликтин ой жүгүртүүсү” бар экен. Биз кичинебизден эле акча колдун кири, акча адамды бузат, алыс бол, адамдык сапат биринчи, байлар өз эмгеги менен байыган эмес деген сөздөрдү күн сайын угуп чоңойдук. Соодагер-чайкоочу дегенди жаман көрчүбуз. Ушул тыянактардын баары сабак учурунда туура эмес экени калкып чыкты. Мурда базарга барганда капчыгымда жол киреме жеткидей эле акча калгычакты сарптачумун. Тойлорго барганды жакшы көрчүмүн. Ал жакка жарашыктуу кийинип баргым келчү. Бизге билим берген устаттар кийин катташып да чарчайсың, азыр жашсың дейт. Мүмкүнчүлүк бар кезинде энергияңды тойлорго, көңүл ачуучу оюн-зоокторго жумшабай, өзүңдүн бизнесиңди ачууга жумша деген. Бирок менин бул пикиримди бир беткей кабыл албашы ыктымал. Талаш жаратышы мүмкүн.