Элеттик аялдардын көйгөйү искусствонун тили менен (фото)

1-Ноя. 2017, Шаршемби, 16:42
Бишкекте элеттик аялдардын көйгөйлөрү чагылдырылган "Аял. Айыл. Арт. Активизм" деп аталган искусство көргөзмөсү өтүүдө.

Көргөзмөдө элеттеги активист аялдар айыл жергесиндеги социалдык көйгөйлөрдү искусствонун тили менен ачып берүүгө аракет кылышып, коомчулукка алып чыгышкан. Негизги көйгөй болуп аялдардын үй-бүлөдөгү орду, ичүүчү суунун алыстыгынан аялдар бир нече метр жерди жөө басып барып суу ташыганы, саясатка аралашуусу, үй-бүлөсүндөгү кыйынчылыктар реалдуу каармандардын сүрөтү аркылуу чагылдырылган.

Долбоор Алтын Аман жана Бактыгүл Капалова тарабынан ишке ашырылган.

Бактыгүл Капалова көргөзмөнү уюштуруу аркылуу коомчулукка аялдардын үнүн жеткирүү, көйгөйлөрү боюнча коңгуроо кагуу экенин билдирди.

“Көргөзмө тууралуу маалымат айтылып, социалдык тармактарда сөз болуп жаткан соң тиешелүу мамлекеттик кызматкер барып көрөт болуш керек. Маселе абдан курч болуп жатканын көрүп, кантип унчукпай калат деп ойлойбуз. Мисалы шаарга жакын эле жайгашкан Камышановка айылында киндик эне институту дагы деле бар экен. Алар үй шартында аялдарды төрөтүп жатышат экен”,-деди Бактыгүл Капалова.

Көргөзмө 15-ноябрга чейин уланат.

Ичкиликтин айынан келип чыккан көйгөйлөр

Бүгүнкү секелек - эртеңки эне

Ак-Талаа районунун Тоголок-Молдо айылынын активисти Айнура Турдалиева. Ал өз айылындагы негизги көйгөй – таза суунун тартыштыгын айтат. Жашоочулар 200 метр алыстыктан суу ташып ичишет. Суу ташуу түйшүгү аялдар жана балдардын мойнуна жүктөлгөн.

Аялдардын коомдук турмуштан оолак болушуна коомчулуктун көңүлүн буруу менен бирге аялдарды шыктандыруу болду

Активисттер суу алуучу колонкадан үйгө чейинки аралыкты ченеп, ошончо узундуктагы жип менен жол жасаган.

Азыркы өнүккөн коомдо да киндик энелер өз "вазийпаларын" аткарып жатышат. Алардын негизги куралы: арак, лезвия, көлөч жана шейшеп

Элеттик аялдардын бардык көйгөйү Ф4 форматындагы баракка төрт сөз аркылуу: Аял. Арт. Айыл. Активизм батырылган

"Кадам"... Жолдун узактыгы, транспорттун жоктугу аялдар менен жаш балдарга кошумча түйшүк...

Д"арактын" ичиндеги көйгөй

Түйшүк түгөнбөйт...

"Кайсы жерде жүдөө күтсө зайыпты, Ошол элдин уулуна кой айыпты..."

Майда жумуш, бирок баары эле аны баалай бербейт...

Айрым айылдарда үйдүн сырткы "сулуулугу" да аялдардын мойнунда

Элеттик аялдардын көзгө көрүнбөгөн, бирок бүтпөгөн түйшүгү

Аялдарды чектеген көз-караштар

Аялдарга карата тыюулар

Аялдарга болгон чектөөлөр, коомчулуктун “өзгөчө” көз караштары чагылдырылган.

Арактын бөтөлкөлөрүнүн ичине кийизден жасалган адамдын сөлөкөтү салынып, анын айынан келип чыккан зордук-зомбулук жана жумушсуздук маселелери жазылган


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!