Бүгүн, 7-августта жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 2-7 метрге жетет. Бул тууралуу Кыргызгидромет кызматы билдирди.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +18...+23, күндүз +32...+37;
Талас аймагында түнкүсүн +11...+16 күндүз +30...+35;
Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +18...+23, күндүз +32...+37;
Баткен дубанында түнкүсүн +18...+23, күндүз +33...+38;
Ысык-Көл жергесинде түнкүсүн +12...+17 күндүз +25...+30;
Нарын облусунда түнкүсүн +7...+12, күндүз +26...+31;
Бишкек шаарында 7-9-августта жаан-чачын болбойт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 2-7 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн +20...+22, күндүз +35...+37 градус ысык болот.
Ал эми 8-9-августта күн ачык болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 2-7 метрге жетиши күтүлөт.