Жалал-Абад шаарынын тургуну Равшан Абдырахманов 61 жашта. Каарманыбыз 7 баланын сүйүктүү атасы жана 25 неберенин бактылуу тайата, чоң атасы. Бүгүнкү каарманыбыз 44 жылдан бери Жалал-Абад шаарындагы базарлардын биринин чет жагынан орун алып, ал жерде турмуш-тиричиликке керектелүүчү стол-стул жана ар кандай жыгач керебеттерди, мындан сырткары думбочкаларды өз колу менен жасап, турмуш-тиричилигин улап келет. Ал Zaman.kg маалымат агенттигине өнөрү тууралуу айтып берди.
“Жыгач уста болуш оңой эмес, сабырдуу болуу керек”
-Менин атам Абдырахман өз кезинде колунан көөрү төгүлгөн уста болгон. Ал учурда мен жаш болсом дагы так эсимде бар. Ал соодагерлер менен бирге ар кайсы шаарларга барып, ал жактан атайы мына ушундай жыгач буюмдарды жасоого ылайыкташкан буюмдарды алып келчү. Андан соң корообузда күндүн ысыгына же болбосо суугуна карабай тынбай эмгектенип жасачу. Мен дагы атамдын кантип жасагандарын көрүп, үйрөнүп алып 17 жашымдан баштап устачылык кыла баштадым. Жаңы баштаган кезде ар кандай сандыктарды, бешиктерди жасап базарга сатууга алып чыгып жүрдүм. Кийинчерээк элдин муктаждыгына карап жасачу болдум. Чынында, жыгач уста болуу оңой иш эмес, ага сабырдуулук жана терең ойлонуп иш кылуу керек.
“Кол алдымда 2 шакиртим бар”
- Учурда шакирт катары тарбиялап жаткан 2 бала бар. Алар өздөрүнүн бош убактысына карап келишет. Мен болсо алар качан келсе өзүмдө бар нерсенин баарын эртеңки күнү колдонсо экен деп жаштарга үйрөтөм. Бир эмеректи жасоо үчүн бир жума убактымды коротом, анткени мен жасаган эмерек эртең кардарга көп жылдарга кызмат кылчуудай болуп, бышык болуусу шарт. Мындан бир канча жылдар мурда жаш наристелер үчүн бешиктерди жасап аны сатыкка койчумун. Ал үчүн атайын башка жактан жаңгактын же болбосо арчанын жыгачын алып келип жасачумун. Анткени ал жыгачтарга бешиктерге түшүүчү курттар да түшпөйт.
“Жаштар жыгач устачылыкка кызыкпай калышты”
- Азыр замандын талабына ылайык, элдин муктаждыгына карап чоң столдорду, отургучтарды жана бизде улуттук стол деп коёбуз, коноктор келгенде отургузуучу кичинекей столдорду, мындан сырткары жыгач керебеттерди жасайм. Мисалы чоң столду 2миң сомдон 2 жарым миң сомго чейин жасайм. Ал эми отургучтарды 1000 сомдон жасайм. Айрымдар айтат да сиздерде кымбат деп, негизи ал акчанын 95%ы столго жумшалуучу материалдарга кетет. Алсак, атайын лак, краска, Россиядан келтирилген бышык жыгач жана мык ушуга окшогон нерселерге кетет. Ал эми калган 5%ы биздин эмгек акыбыз катары эсептелет. Кээ бир учурда бизге колунда бир аз жогураак үй-бүлөлөр келет. Алардын абалын карап аз да болсо жеңилдетип сатабыз. Акыркы учурда мына ушул жыгач устачылык жагына биздин жаштар такыр кызыкпай калышты. Анын ордуна чет жерге барып иштегендер көбөйдү. Мен аларга айтар элем, эгер силер үйрөнбөй жүрө берсеңер, биз жашаарыбызды жашап алдык эртеңки күнү ушул тармактан адистер жетишсиз болуп калат. Эгер кызыккан жаштар болсо мага келгиле мен силерге өзүм билген нерселердин баарын үйрөтөм.