21-сентябрь: күн ачык болот

21-сентябрь: күн ачык болот
21-Сен. 2017, Бейшемби, 09:08

Бүгүн, 21-сентябрда күн ачык болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет кызматы билдирди.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +9...+14, күндүз +24...+29;

Талас аймагында түнкүсүн +6...+11, күндүз +23...+28;

Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +11...+16, күндүз +25...+30;

Баткен дубанында түнкүсүн +9...+14, күндүз +25...+30;

Ысык-Көл жергесинде түнкүсүн +6...+11, күндүз +20...+25;

Нарын облусунда түнкүсүн +3...+8, күндүз +20...+25;

Бишкек шаарында күн ачык болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн +10...+12, күндүз +27...+29 градус ысык болот.

Ал эми 22-сентябрда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. 22-сентябрда күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жана Чүй, Ош, Жалал-Абад облустарынын кээ бир тоолуу райондорунда бир аз жаан жаап, күн күркүрөйт. Бийик тоолордо кар жаайт, калган аймактарда жаан-чачын болбойт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!