Жол коопсуздугу боюнча маселени чагылдырууну кыялданган журналист, Нарын облустук ички иштер башкармалыгынын Патрулдук милиция бөлүм башчысынын орун басары Тилек Оторов «Zaman.kg» сайтынын кабарчысы менен маек курду.
-Тилек мырза, алгач өзүңүз жөнүндө кыскача тааныштыра кетсеңиз?
- Мен мындан 44 жыл мурун Нарын облусунун Ак-Кудук айыл өкмөтүндө туулгам. Кийин ата-энемдин ишине байланыштуу Ысык-Көл облусунун Рыбачье (азыркы Балыкчы) шаарына көчүп барып, бала чагым ошол жакта өттү. Анткени, ошол шаардагы бала-бакчага барып, андан кийин ушул эле шаардагы В.И.Ленин атындагы орто мектепти ийгиликтүү аяктагам. Мектепти бүткөн соң Бишкек шаарындагы Ж.Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук унверситеттинин журналистика фактультетине өтүп, 1996-жылы ал жактан жогорку билим алып чыктым. Ошонтип эки жылдан кийин гана ички иштер органдарында, тагыраак айтканда ГАИ кызматында алгачкы ишимди тескөөчүлүк кызматтан баштап, ошондон бери Патрулдук милиция кызматында иштеп келе жатам. Айта кетүүчү нерсе, Ички иштер министрлигинин милициянын генерал-майору Э.Алиев атындагы Академиясын сырттан окуу бөлүмүн кызыл диплом менен аяктап, азыркы учурда Нарын облустук ички иштер башкармалыгынын Патрулдук милиция бөлүм башчысынын орун басары болуп иштеп жаткан кезим.
-Жол коопсуздук кызматкерлеринин иши оор экенине карабастан, сиз бул кызматты эмне үчүн тандап алдыңыз. Бул кызматта иштеп калууңузга эмне түрткү болду. Ошондой эле азыркы учурда милиция кызматкери болуп калганыңызга өкүнбөйсүзбү?
- Жогоруда айткандай эле журналистика факультетин бүткөндөн кийин мен КТРКнын «Жаштык» радиосунда стажирокадан өтүп калдым. Ошол жакта жүргөн учурда менин дос балдарымдан бирөө Ош базар жакта кызмат өтөп калгандыгына байланыштуу мен бош убагымда анын жанына барып турчумун. Анан анын жанында жүргөнүмдө жол коопсуздугу боюнча маселе чоң экенин байкап жүрдүм. Ошентип ошол тармакты чагылдыруу, профилактиканы өнүктүрүүнү кыялданып, аны ичинен көрүш үчүн ушул кызматка келип иштей баштагам. Менин тилегим орундалды десем болот. Себеби мен азыркы учурда дал ушул жол коопсуздугу боюнча көйгөйлөрдүн үстүндө кызмат өтөп, ошону чагылдырып жатам. Ал эми милиция кызматкери болгонума өкүнбөйм. Тескеринче сыймыктанам. Биричиден элим үчүн кызмат кылуудамын, экинчиден ушул кызматымды аркалоо менен үй-бүлөмдү да багуудамын. Ошондой эле сыймыктануучу форма кийип, погон тагынып жүрөм.
-Бул аралыкта сиз эмнеге жетише алдыңыз?
- Бул тармакта 19 жылдан бери же тактап айтканда 1998-жылдан бери иштеп келе жатам. Бишкек шаардык Патрулдук милициянын (ГАИнин) тескөөчүлүк кызматтынан баштап, ага нөөмөткер, жол кырсыктарын анализдөө боюнча ага тескөөчү, кадрлар бөлүмүндө ага тескөөчү, административдик тажрыйба бөлүмүндө ага тескөөчү, батальондо кызмат алып баруу боюнча ага тескөөчү, басма-сөз кызматында тескөөчү, ИИМнин ПМББда басма-сөз кызматынын ага тескөөчү кызматында кызмат өтөп, подполковник наамына жетип, учурда бактылуу үй-бүлөдө төрт баланы тарбиялап жатам. Ошондой эле азыркы мезгилде Нарын облусу боюнча ПМБнүн башчысынын орун басары болуп иштеп жаткан маалым. Ошол мага чоң жетишкендик.
-Жол коопсуздук кызматкерлери анын ичинде сиз күн-түн, ысык-суук дебей, элибизге кызмат өтөп келесиздер. Бирок, ага карабастан милиция кызматлерине анын ичинде жол коопсуздук кызматкерлерине карата коомчулук тараптан көп эле ар кандай сындар айтылып келе жатат. Мунун себеби эмнеде деп ойлойсуз жана сын айткандарга кандай кеңеш берет элеңиз? Аны менен бирге эле толук адамдар милиция кызматкери болуп иштебеш керек дегенге көз карашыныз кандай?
- Кызмат өтөп жаткандан кийин сын болбой койбойт, сынга туура кароо зарыл. Туура эмес жагы болсо, анда биз ага терикпестен аны оңдошубуз керек. Бирок ошол эле убакта адамдар бирөөгө сын айтаардан мурда алдын ала талдаш керек. "Туура сындап атамбы?" ,- деп. Азыркы учурда интернет булактарынан кызматкерлерге каршылык көрсөтүп, баш ийбей жаткан адамдарды айрым жаштарыбыз көрүп алып, ал адамдардын кылып жаткан жоруктары канчалык деңгээлде туура же туура эмес экенин талдабай туруп эле аларды туурап жатат. Мындай көрүнүш жаман адатка айланууда. Ошондуктан мыйзамды ар бир жаран билиши керек, аны сактоосу да зарыл. Негизи эле адамдар бир нерсе жасаардын алдында “Жети өлчөп, бир кес”,- дегендей эле алды арты карап, жакшылап ойлонуп туруп иш алып баруу керек деген ойдомун.
Ал эми милиция кызматкери болгондон кийин жашы, салмагы, бою, ден-соолугу чың болуп, кийген формасы да аларга жакшынакай жарашып турса бул жакшыда. Анткени, милиция кызматкери дайыма формачан эл арасында жүрүшөт.
-Сиздин ишиңизге карата сындар айтылган учурлар болду беле? Ошондой эле иш күнүндө эң оор күн болгон деп кайсы күндөрдү айта аласыз?
- Менин жеке өзүмө карата сындар айтылган эмес, бирок кызматка сындар болгон. Ал эми бул кызматты өзүм тандап алгандан кийин мен иш күндөрүмдү оор күн деп бөлө албайм. Бирок күнү-түнү иштеп, 2-3 саат гана эс алып, кайра жумушка чыккан учурлар көп эле болуп калат.
Негизи эле жол коопсуздук кызматкерлерине ар кандай суроолор менен кайрылган адамдар көп эле да. Анан сизге жакпаган көрүнүштөрдү айтып берсеңиз?
- Мурда мас адам форма кийген кишини көрсө айланып качса, азыр тескеринче мастар милиция кызматкерлерине келип алып, бир жакка жеткирип койчу же жол киреге акча берип койчу деп тийишкендерин байкап калам. Мына ушандай көрүнүштөр менин зээнимди кейитет.
-Бир убактарда милиция кызматкерлеринин анын ичинде ГАИлердин кадыр- баркы кетип, эмгеги бааланбай калса, акыркы учурда сыймыктуу кесиптердин бири болуп бара жатат. Анын себеби эмнеде жана бул кесипти 10 жылдан кийин кандай элестетесиз?
- Сыймыктанган кесип болуунун себеби бул милиция кызматкерлерине болгон элдин ишеними артып бара жатканында деп ойлойм. Милицияларга эл ишенип жатса бул чоң сыймык. Ошондуктан мен кыргыз милициясын 10 жылдан кийин технологиясы өнүккөн, эл ишенген жана кадыр барктуу кызматтардын бири болот деп ишенем.
-Акыркы учурда жаштардын милиция болуу каалоосу арбып жатабы? Жаштарга эмне дейт элеңиз?
- Ооба, жаштарыбыздын арасында милиция болууга кызыккан, каалаган жаштар көп. Менин айтаарым, милиция кызматкерлеринин иши оңой иш эмес, бул форманы кийип, погон тагынып өзүнчө эле сыймыктануу эмес. Ошол кийип жүргөн формаңа бардык жагыңан татыктуу болуп, эртеңки күнү эл арасында бул мыкты кызматкер деген атка жетүүң керек.