Үч-төрт жылдан бери элеттиктер акчасын мал түрүндө сактоо ыкмасына өтүүдө. Алар иштеп тапкан акчасына мал арзан кезинде алып, кайра кымбаттаганда сатуунун ыгын жакшы билип алышкан.
Демейде салттуу болуп калган ыкма менен өзгөчө шаар жергесиндегилер бар акчасын банкта сактап, кыймылсыз мүлк алып, же болбосо чакан бизнес ачышат. Акчаны мал түрүндө сактоо жөрөлгөсү мал киндиктүү деп саналган Нарын, Чоң-Алай, Ысык-Көл өрөөндөрүндө кеңири жайылган.
Каарманыбыз Жыпаргүл Жакыпова Чоң-Алай районунун тургуну. Ал эки жылча Россияда иштеп, ар бир айлык алган сайын айылдагы туугандарына жиберип турган. Жыпаргүлдүн бир тууган жездеси жиберген айлыгына бирден музоо же мамалак (топоздун баласы) алып турган.
Жыл айланып анын короосунда бодо малдын саны ондон ашкан. Тоодо багылган малы бир топ эт байлап, ушул күздө алда канча кымбат баага сатып, бир топ ирденип алганын айтат каарманыбыз.
“Негизи акчаң болсо малды эрте жазда сатып алган дурус экен. Жайы менен тоодо болуп, күзүндө бир топ кымбатка сатат экенсиң. Мен музоо кезинде ар бирин орточо 13-15 миңден алган мал сыйыр болуп, кайра эле ар бирин орточо 30 миң сомдон сатып, жаңы тикелеген үйүмдү ремонттон өткөрүүгө жетиштим. Балдарыма депозит ачып койдум. Эгерде айлыгымды айылга жиберип турганда, туугандарым иштетип алып кийин орду толукталбай калмак. Же көбөйбөй эле ошол боюнча турмак”,-деди.
Албетте базардагы нарктын өйдө-төмөн болушу бизнестин бул түрүнө таасир этери бышык. Эгерде күздө мал арзандап кетсе, саткан малы ээсинин тоодой киреше табуу үмүтүн таш каптырат.
Экономисттер акчаны мал түрүндө сактоо ишенимдүу жана тобокелчилиги аз дешет. Талдоочу Искендер Шаршеевдин пикиринде эгерде мал алган кишинин төрт түлүктү караганга шыгы болсо, анда утат.
“Эгерде мал ээсинин шарты бар сарайы болсо, анда жакшы. Мал деген анык инвестиция. Эгерде мал караганга, көбөйткөнгө, жогору баага сатканга шыгы жок болсо, анда тобокелчиликтери бар”,-деди Шаршеев.
Дагы бир экономика тармагы боюнча эксперт Гүлжигит Исаковдун пикиринде технология канчалык өнүкпөсүн, адамдар таза азыктарды баары бир керектей берет.
Азык-түлүк коопсуздугу ар дайым биринчи орунда кала берет. Анткени кризис болобу-болбойбу, адамдар баары бир азыктанышат. Бул алкактан алганда Кыргызстан экономиканы диверсификациялап, мал чарбасына болгон маанини экинчи планга жылдырбашы керек деп эсептейт.
Ошондой эле эксперт акчаны мал түрүндө сактоонун артыкчылыктары жана тобокелчиликтери катары төмөнкүлөрдү санады.
Артыкчылыктары: Азык-түлүк коопсуздугу биринчи планга чыгып, экологиялык жактан нукура азыкка болгон муктаждык өсүүдө. Туура маркетинг жүргүзүлсө, кыска, орто жана узун мөөнөттө көп акча тапса болот. Муну реалдуу экономика, тышкы рыноктун кенендиги, кыска жана орто мөөнөттө капиталдын кайтарымдуулугу тастыктап турат.
Тобокелчиликтери: Жугуштуу оорулар, малды идентификациядан өткөрбөй коюу, натыйжасыз кароо, эл аралык аренада атаандаштык түзө албоо, маркетингдин туура жолго коюлбашы, алдын ала SWOT-анализдин жасалбашын айтууга болот.