Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов Чолпон-Ата шаарында 15-17-августта өтүүчү Өкмөттөр аралык комиссиянын кезектеги жыйынына катышуу үчүн Кыргызстанга иш сапары менен келет.
Бул тууралуу премьер-министр Сооронбай Жээнбеков кесиптеши Абдулло Арипов менен телефон аркылуу сүйлөшкөндө маалым болгонун өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.
Эки өлкөнүн өкмөт башчылары телефон аркылуу кыргыз-өзбек өкмөттөр аралык комиссиянын жана кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын демилитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттөр аралык комиссиянын кезектеги жыйынына даярдыктарды талкуулашты.
Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов Кыргызстанда үстүбүздөгү жылдын октябрында өзбек маданият күндөрүн өткөрүүгө өзбек тараптын даярдыгын тастыктады. Ал ошондой эле кыргыз тарапка 2017-жылдын 3-августунда Ысык-Көл облусунун аймагында авто кырсыкка кабылган Өзбекстандын жарандарына өз убагында көрсөткөн жардамы үчүн ыраазычылыгын билдирди.
Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков өзбек тарапка Ош шаарында 630 окуучу орундуу жалпы билим берүү мектебин куруу тууралуу чечими үчүн ыраазычылык билдирди.