Жээнбеков Тажикстанга расмий сапар менен барат

Жээнбеков Тажикстанга расмий сапар менен барат
13-Янв. 2018, Ишемби, 16:43

Президент Сооронбай Жээнбековдун Тажикстанга расмий сапар менен баруусу күтүлүп жатат. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү тараткан билдирүүдө белгилүү болду.

Маалыматка караганда, президент Сооронбай Жээнбеков менен Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон өлкөлөр ортосунда дипломатиялык мамилелер орнотулгандыгынын 25 жылдыгына байланыштуу бири-бирин куттуктаган.

"Чейрек кылымдын аралыгында кыргыз-тажик мамилеси бекемделип жана өнүгүп келе жатат. Биз ошондой эле КМШнын, БУУнун, ШКУнун, ЖККУнун жана башка көп тараптуу структуралардын алкактарында жигердүү кызматташып жатабыз", -деп белгиленет Кыргызстандын Президентинин куттуктоосунда.

Жээнбеков эки тараптуу кызматташуунун жакшы натыйжасында кыргыз-тажик мамилелерин мындан ары өнүктүрүүгө жана аймакта туруктуулукту жана коопсуздукту чыңдоого өбөлгө болоорун белгиледи. Мындан тышкары ал Тажикстандын Президентине чың ден-соолук, мамлекеттик ишмердигине ийгиликтерди, тажик элине тынчтык жана өнүгүү каалады.

Ал эми Рахмондун куттуктоо телеграммасында Кыргызстан менен кылымдардан бери уланып келе жаткан коңшулук мамиле Тажикстандын тышкы саясатындагы артыкчылыктуу багыттардын бири болуп келгени белгиленген.

"Биргелешкен аракеттер менен бардык багыттары боюнча жакшы жыйынтыктарга жетише алдык. Бул жагдай тажик-кыргыз өз ара пайдалуу өнөктөштүк мамилелерин мындан ары тереңдетүүгө олуттуу негиз түздү. Сиздин Тажикстанга жасачу расмий сапарыңыз эки өлкөнүн көп пландуу кызматташуусуна жаңы дем берип, мамиленин сапатын бийик деңгээлге көтөрөрүнө ишенем", -деп айтылат Тажикстандын Президентинин куттуктоосунда.

Ошондой эле ал Жээнбековго чың ден-соолук, максаттарга жетүүсүн, кыргыз элине тынчтык жана бакубатчылык каалады.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!