Бабанов журналисттерге кайрылды

Бабанов журналисттерге кайрылды
15-Янв. 2018, Дүйшөмбү, 23:51

Экс депутат Өмүрбек Бабанов соцтүйүндөгү баракчасы аркылуу журналисттерге кайрылуу жолдоду.

"Урматтуу өлкөбүздүн массалык маалымат каражаттары. Ар кыл саясий оюндарга мени аралаштырбоого чакырам. Мен саясатта болбой турганымды айтканмын, ушул элимдин алдында айтылган сөзгө турам. Сиздерден суранаарым: такталган маалыматтарды жазсаңыздар.

Тилекке каршы кээ бирөөлөр учурдан пайдаланып, жалган маалыматтарды таркатуу менен өздөрүнүн аттарын чыгарып жатышат"-деди Бабанов.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!