Президент аймактарды өнүктүрүү боюнча жыйын курду

Президент аймактарды өнүктүрүү боюнча жыйын курду
18-Янв. 2018, Бейшемби, 10:05

Президент Сооронбай Жээнбеков Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков жана премьер-министр Сапар Исаков менен жолугушуп, “2018-жылды Региондорду өнүктүрүү жылы деп жарыялоо жөнүндө” Жарлыгынын алкагында өлкөнүн жакынкы жылдардагы биринчи кезектеги милдеттери жана максаттарын талкуулады.

Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматы билдирди.

Президент Сооронбай Жээнбеков өлкөнүн премьер-министри болгон кезинде аймактарды өнүктүрүү концепциясы, калкты таза суу менен камсыз кылуу, ирригациялык системаларды өнүктүрүү программалары кабыл алынганын белгиледи.

«Бул Жарлыктын максаты ушул программаларды ишке ашыруу болуп саналат. Ал бардык ички резервдерди толук пайдалануу менен аймактарды өнүктүрүүгө багытталган. Мен аймактарды көп кыдыргам, областтын жетекчиси болгом. Аймактардын мүмкүнчүлүктөрүн, аларга эмне керек экендигин жакшы билем. Аймактарга кайсы жетекчи барбасын, жергиликтүү калк менен болгон жолугушууларда бирдей эле көйгөйлөр айтылат. Ал таза суунун жетишсиздиги, өнүкпөгөн ирригациялык система, социалдык объектилердин – мектептердин, ооруканалардын, бала бакчалардын жетишсиздиги, начар жолдор, сапатсыз тейлөө”, - деди президент.

Мамлекет башчысы бюджеттик жана инвестициялык каражаттар бир калыпта, ар бир аймактын кызыкчылыгына жана өзгөчөлүгүнө жараша бөлүнүшү керектигин белгиледи.

Президент Сооронбай Жээнбеков ошондой эле жергиликтүү бийликтин укуктары менен милдеттерин күчөтүп, аны менен бирге аймактарды өнүктүрүүдө жер-жерлердеги маселелерди убагында чечүү максатында алардын жоопкерчилигин жогорулатуу зарылчылыгын белгиледи.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!