Кубанычбек Жусупбеков
14-Авг. 2017, Дүйшөмбү
6-сентябрда Ташкент шаарында (Өзбекстан) өтүүчү сууда сүзүү боюнча Азия биринчилигине даярдык көрүү максатында Кыргызстандын курама командасы 1-августтан 22-августка чейин Чолпон-Ата шаарында (Ысык-Көл облусу) окуу-машыгуудан өтүп жатат. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин маалымат кызматы билдирди.
Команданын тизмеси:
- Азиз Сансызбаев, 2001 ж.т., КРнын спорт чебери (СЧ);
- Асылбек Усенканов, 1999 ж.т., СЧ;
- Елизавета Рогожникова, 2004 ж.т., СЧ;
- Кирилл Вайс,1995 ж.т., ЭКСЧ;
- Кристина Панасенко, 2003 ж.т, СЧ;
- Станислав Карнаухов, 1996 ж.т., ЭКСЧ (эл аралык категориядаыг спорт чебери);
- Темирлан Каратаев, 2001 ж.т., СЧ;
- Юрий Захаров – ага машыктыруучу;
- Александр Заваринский – машыктыруучу.
Курама команда Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциясы тарабынан каржыланат. Бюджеттен окуу-машыгуу жыйынын өткөрүүгө 326 миӊ сом каралган.
Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!