Ашхабадда Ариет Бекишов коло тагынды

Ашхабадда Ариет Бекишов коло тагынды
18-Сен. 2017, Дүйшөмбү, 10:20

Түркмөнстандын Ашхабад шаарында 17-27-сентябрь аралыгында өтүп жаткан V Азия оюндарында спорттун жиу-житсу боюнча мелдеши боюнча беттеште Ариет Бекишов коло байгени жеңип алды. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт агенттигинен билдиришти.

Ариет Бекишов мелдештин 62 килограммга чейинки салмак ченинде катышып, алгачкы беттешинде тайланддык спортчуну жеңип, кийинки беттешинде ооганстандык мушкерге жеңилип калган. Жыйынтыгында Бекишов Азия оюндарынын коло медалына ээ болду.

V Азия оюндары 17-сентябрда Түркмөнстандын Ашхабад шаарында башталган 27-сентябрда аяктайт. Ага Кыргызстандын 153 спортчу 17 спорттун түрү менен өлкө намысын коргошот. Бул мелдешке Азиянын 60 мамлекети күч сынашып жатат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!