​Жүк унаа жолдон чыгып, оодарылды

1-Дек. 2017, Жума, 12:26

Бишкек-Ош жолунда оор жүк ташуучу унаа жолдон чыгып, оодарылып кетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 1-декабрда таңкы саат 06:30 чамасында Бишкек-Ош унаа жолунун 357-чакырымында, Кара-Көл шаарында "Вольво" үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу унаанын айдоочусу рулду башкара албай, унаа жолдон чыгып оодарылган.

Жол кырсыктын кесепетинен айдоочу жабыркап, Кара-Көл шаардык ооруканасына жеткирилген (жолдо бараткан айдоочулар жеткирген).

Окуя болгон жерге ӨКМнин Кара-Көл шаардык №94 өрт-куткаруу бөлүмүнүн куткаруучулары тартылган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!