7-июль: температура +40 градуска жакындады

7-Июль 2017, Жума

Бүгүн, 7-июлда Кыргызстандын аймагында жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге жетет. Бул тууралуу Кыргызгидромет кызматы билдирди.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +19...+24, күндүз +35...+40;

Талас аймагында түнкүсүн +15...+20, күндүз +34...+39;

Ош, Баткен жана Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +18...+23, күндүз +34...+39;

Ысык-Көл жергесинде түнкүсүн +13...+18, күндүз +27...+32;

Нарын облусунда түнкүсүн +9...+14, күндүз +28...+33;

Бишкек шаарында 7-9-июлда жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн +20...+22, күндүз +36...+38 градус ысык болот.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!