Чолпон-Атада ат оюндары өтөт

Чолпон-Атада ат оюндары өтөт
12-Апр. 2017, Шаршемби

13-14-апрелде Чолпон-Атадагы ипподромдо ат оюндары өтөт. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт агенттигинин басма сөз кызматы билдирди.

Спорттук иш-чара №54 ат заводунун 90 жылдыгына карата ат оюндарын өнүктүрүү максатында өтмөкчү.

Ат оюндарынын программасы:

13-апрель 9.00-18.00 — көк бөрү, кыргыз күрөш, эр эңиш боюнча тандоо туру;

14-апрель 9.00-18.00 — көк бөрү, кыргыз күрөш, эр эңиш боюнча тандоо туру; 12.15-13.00 "Ат заводдун тарыхы" тасмасынын бет ачары, директордун доклады;

15-апрель 9.00-9.30 — ат заводдун тарыхын чагылдырган театрлаштырылган көргөзмө;

9.30-9.50 — иш-чаранын расмий ачылышы;

9.50-10.00 — кыз куумай;

10.00-10.15 — тай чабыш (2 400 метр);

10.15-10.30 — кунан чабыш (1 200 метр);

10.30-10.45 — ат чабыш (1 600 метр);

10.45-11.00 — ат чабыш (2 000 метр);

11.00-11.15 — кунан жорго (4 400 метр);

11.15-11.35 — бышты жорго (6 600 метр);

11.3-11.55 — кунан чабыш (8 800 метр);

11.55-12.20 — топ байге (13 200 метр);

12.20-12.40 — жорго салыш (8 800 метр);

12.40-13.10 — аламан байге (18 000 метр);

13.10-13.30 — концерттик программа жана жигитовка;

13.30-15.30 — көк бөрүнүн финалы;

15.30 — иш-чара салтанаттуу түрдө жабылат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!