Ирандагы козголоң боюнча 6 суроо

5-Янв. 2018, Жума, 13:45

2009-жылдагы көптөгөн талкууларды жараткан шайлоодон кийин түзүлгөн өкмөткө каршы акциялар бери дегенде ондогон адамдардын өмүрүн алды.

Козголоң качан, эмне себептен башталды?
Ирандагы экинчи ири шаар же консерваторлордун калаасы катары белгилүү Мешхедде 2017-жылдын декабрь айынын аяктарында башталган акциялар кыска мөөнөттө Тегеран баштаган ири шаарларга тарады. Азык-түлүктүн кымбаттыгы, жумушсуздук жана Тегерандын Ортоңку Чыгышка карата саясатына каршы козголоңго он миңдей адам катышты. Демонстранттардын бир бөлүгү 1979-жылдагы төңкөрүштөн бери бийликте отурган Исламчы режимди бутага алды. Айрым шаарларда миңдеген адамдар “Диктаторго өлүм” деген ураан чакырып жатышты. Козголоңчулардын бир бөлүгү руханий жолбашчы Аятолла Али Хаменеинин кызматтан чегинүүсүн талап кылды.

Өкмөт кандай каршылык көрсөттү?
Ирандын президенти Хасан Рухани жымжырттыкты бузуп, “Биз эгемендүү мамлекетпиз. Андыктан, элдин өз оюн айтууга акысы бар”,-деди.

Рухани кезексиз чакырылган коопсуздук жыйынындагы билдирүүлөрүндө окуяларды болгону тышкы күчтөрдүн тузагы катары көрүү жаңылыштык экенин айтты. “Адамдардын көйгөйлөрү экономика эле эмес, ошол эле мезгилде көбүрөөк эркиндикти талап кылып жатышат”,-деген президент саясий жана маданий реформаларды ишке ашырууга каршы чыккан консерваторлорду кыйыр түрдө сынга алды. “Бирок бардык нерсе өкмөттүн көзөмөлүндө эмес”,-деген өлкө башчысы маанилүү темаларда акыркы чечим консерватор дин адамдарына таандык экенин баса белгиледи. Ошондой эле ал нааразычылыктарды коркунуч эмес, мүмкүнчүлүк катары көрүү керектигин кошумчалады.
Акцияларда формачан жана жарандык полициялардан тышкары Ислам революциясынын сакчылар корпусунун мотоциклчен ыктыярчылары жүрөт. 2009-жылдыга митингдерде полицияга колдоо көрсөтүү үчүн көчөгө чыкан сакчылар бул ирет окуяларга аралашпай турушат.

Окуялар канча адамдын өмүрүн алды?
Эл аралык кабар агенттиктери коопсуздук күчтөрү демонстранттарга 2009-жылдагы козголоңго салыштырмалуу абайлап мамиле кылганы менен жүздөгөн адамдар камакка алынды. Ошол эле учурда курмандыктардын саны өскөн.

Ирандын мамлекеттик телеканалы өлкөнүн батышындагы Туйсеркан шаарында алты адам көз жумганын кабарлады. Тегерандын 325 чакырым түштүк-батышындагы Доруд шаарында козголоңчулар уурдаган өрт өчүрүүчүлөрдүн унаасы эки адамды тебелегенин, нааразычылыктар башталгандан беш күн өткөндө окуяларда курман болгондордун саны 12ге жеткенин жазды.

Социалдык медиага тыюу салындыбы?
“Facebook” жана “Twitter” тармагына кирүүгө тыюу салынган. Өкмөт өлкөдө тынчтыкты сактоо үчүн “Instagram” жана “Telegram” кызматын убактылуу жапкан. Бул жол менен акциялардагы көрүнүштөрдү бөлүшпөөгө, ага байланыштуу уюштуруу иштерине бөгөт койгондой болду. Бирок Иранда бир топ “Интернет” колдонуучулар түрдүү ыкмалар менен тыюу салынган сайттарды, тиркемелерди пайдаланышты.
Өлкө жетекчилери окуялар чет жактардын жардамы менен күчөтүлүп жатканын болжолдошту. Социалдык кабарлардын ири бөлүгү Ирандын аймактагы атаандашы Сауд Арабиядан чыкканын белгилешти. Ошол эле мезгилде кабарлардын таралышына Европада сүргүндө жашаган ирандык топтор жардамдашканын кошумчалашты.
Социал медиадагы билдирүүлөр аркылуу ирандыктар Тегеранды кошкондо 50дөн ашык шаар борборуна нааразылык акцияларга чакырылган.

Иран медиасы окуяларды кандай чагылдырды?
Алгачкы күндөрү Иран мамлекеттик телеканалдары үн каткан жок. Мамлекетке караштуу медиа органдары кийин гана митингди көрсөтө баштады. Бирок көбүнчө банк жана унааларды талкалап жаткандарга, Тегерандагы мэрликтин имаратына кол салууга, өлкөнүн желегин өрттөгөн адамга басым жасалды.

Дүйнө коомчулугунан кандай каршылыктар келди?
АКШнын президенти Дональд Трамп бир топ жолу Ирандагы козголоңчуларга колдоолорун “Twitter” аркылуу билдирип жатты. Ал “Адамдар акчалары кандайча уурдалып, террорчулукка жумшалып жатканын түшүнөт. Алар мындан ары буга макул болушпайт”,-деп жазган.
Израилдин чалгын министри Ирандагы көтөрүлүштү колдой тургандыгын, бирок Тегерандын ички иштерине кийлигишпей турганын белгиледи. “Иран элинин эркиндиги жана демократия үчүн күрөшүндө ийгилик каалайм”,-деди.

“aktifhaber.com” сайтындагы макаладан которулду

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
Окшош кабарлар