Сауд Арабияда кийинки мезгилдерде башталган паракорчулук операциясы сырттан байкоо салгандарга жаңы мураскер принц Мухаммед ибн Салман Аль Сауддун күчүн көбөйтүү аракети катары көрүндү.
Араларында дүйнөдөгү белгилүү ишкер, миллиардер Аль-Валид ибн Талал Аль Сауд бар болгон прицтер операциясы королдун үй-бүлөсүндөгү чатакты сыртка чыгаргандай болду. Бирок Мухаммед ибн Салман бул толкундарды ийгиликтүү башкарып, өзүнө ишенимдүү келечек курары же кура албасы суроо бойдон. Учурдагы мураскердин көздөгөнү чоң. Ал Саудия бийлигин жаңылап, калыптанып калган тартипти толугу менен өзгөрткүсү келет.
Артта АКШ турабы?
Саудия Арабиядагы эки чоң өнүгүү, башкача айтканда Катар кризисинин күчөгөнү, өлкөдөгү принцтердин көбүнүн камалышы АКШга жакындан тиешеси бардай сезилет. Катар кризиси Трамптын Сауд Арабияга зыяратынан кийин дароо чыккан. Дональд Трамп “Twitter” баракчасына жазгандары Катар кризиси болор алдында жарыяланган. Королдуктун үй-бүлөсүндөгү өз ара “тазалоо” аракети да Трамптын “Aramco” компаниясына байланыштуу жазуусунан кийин болуп жатканы аймактагы талдоочулардын көңүлүн бурдурууда.
Камалган принцтердин арасында Трамптын жеке душманы болгон миллиардер, ишкер Аль-Валид ибн Талалдын болгондугу бул боюнча шектенүүлөрдү ого бетер күчөтүүдө. 2015-жылы Аль-Валид ибн Талал Дональд Трампка карата “Американын жүзү карасы” деген сөздү айткан.
Вашингтондогу Ортоңку Чыгыш боюнча адистер өзгөчө Катар кризисинен бери Катардан жана Бириккен Араб Эмирликтеринен фон алгандар деген эки көз карашта калды. Айта турган болсок Трамптын бийлиги аймакта Сауд Арабия менен иштөөгө артыкчылык берген. Айрыкча Иранга каршы эң майда “шектенүү” жарата турган кадамга чыдабаганы көрүнүүдө. Катардын эң чоң күнөөсү катары Иран менен жакындашканын жүйө келтирүү буга далилдердин бири.
Режимдин алмашуусу оңой эмес
Ортоңку Чыгыш мамлекеттеринде өнүгүүлөр кандай болору, түп тамырынан берки өзгөрүүлөр тууралуу кеп козгоо дайым эле жеңил эмес. Иранда Махмуд Ахмадинежад шайлоодо жеңилгенден кийин “Бир доорду аягы” деген баа берилген эле. Ошентип, кыска мөөнөттө жаңы бийлик АКШ менен алаканы өнүктүргөн. Өзөктүк макулдашууга кол кол коюлган. Буга себеп катары экономикалык көйгөйлөрдүн бардыгы айтылган.
Сауд Арабия боюнча да буга окшогон теориялар бар. Мунай бааларынын төмөндөөсү жана сауд үй-бүлөсүнүн акчаларынын чет өлкөдө бааланып жатканы өлкө ичинде олуттуу экономикалык кыйынчылыктардын баш көтөрөрүнөн белги берүүдө. Мухаммед ибн Салмандын жаңы бийлиги АКШнын көлөкөсүндө калып, дүйнө инвестицияларынан пайыз алуу ниетинде болору да болжолдонууда.
Мухаммед ибн Салмандын өлкө экономикасын жакшыртуу, дүйнө инвестицияларын өлкөгө тартуу сыяктуу максаттары бар экени чын. Ал ортодо өлкө деңгээлинде бир катар экономикалык реформалар аткарылары, бул үчүн “күчтүү борбордук” башкаруу керектиги айтылууда.
Принцтердин ортосундагы мамилелер көп билинбегендиктен Королдуктун үй-бүлөсү ичиндеги бул чатак кандай өнүгөт айтуу кыйын. Ошол эле мезгилде Мухаммед ибн Салмандын ийгиликтүү болуп болбой турганы белгисиз. Анткени АКШда Трамптын саналуу күндөрү калганын айткандар бар. Анын үстүнө Трамптан кийин аймактагы саясат кандай өнүгөөрүн биле албайбыз.
Булуңдун туруксуздугунан сабактар
Бир жагынан булуңдагы кризис бизге үйрөткөн маанилүү чындыктары бар.
1.Трамп менен Путиндин ортосунда канчалык союз болгону айтылганы менен Путиндин Сирия жана Иран менен таасирдүү болууга аракет кылганы көрүнүп турат.
Ортоңку Чыгышта Трамп Катар кризиси менен биргеликте мунай аймактарын кайрадан көзөмөлгө алды окшойт. Орус миллиардерлер менен каржылык согуштар жүрүп калса Путин Ортоңку Чыгышта ээлик кылган күч болушу мүмкүн эместей.
2. Сауд Арабия Катар кризиси менен эки коенду бир ок менен аткан сыяктанат. Россия менен Ирандын колдоосун алган Катардын аймактагы саясаттарга ээ болуусуна тоскоолдук жаратты. Катардын да Батыштагы жумшак күчүн өткөрүп алуу мүмкүнчүлүгүн кармады. Жасалма интелект роботуна жарандык берүү сыяктуу кадамдарга барганы да ошондон.
3. Мунай дале маанилүү орунда, бирок Ортоңку Чыгыш саясаттарына багыт берген жалгыз фактор болуудан калды.
4. Аймакта кызуу жаңжалдар болору мүмкүн. Курал сатуунун көлөмүнүн көбөйүүсү, Йеменден Риадга жиберилген ракета жана Сириядагы жихатчылар маселеси буга мисал боло алат.
www.tr724.com сайтына жарыяланган макаладан которулду