Британия куралдуу күчтөрү аскердик даярдыкта

12-Апр. 2018, Бейшемби, 11:49

Бейшемби, 12-апрелде премьер-министр Тереза Мэй Британиянын министрлерине жыйын өткөрдү. Анда Сириядагы Дума аймагында болжолдонуп жаткан химиялык кол салууга каршы тараптардын куралдуу аракеттерине колдоо көрсөтүү ниети талкууланды.

Өлкөнүн аба жана деңиз куралдуу күчтөрү аскердик даярдыкка келтирилди.

Болжолдонуп жаткан аскердик акцияга Британиядан тышкары АКШ жана Франция даярдык көргөнү белгиленүүдө.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!