Өзбекстанда жаңы фатва чыкты

12-Фев. 2018, Дүйшөмбү, 14:46

Өзбекстандын Мусулмандар башкармалыгы жасалма уруктандырууга (искусственного оплодотворения) байланыштуу көптөгөн кайрылуулардан улам фатва чыгарды. Бул тууралуу аталган мекеменин маалымат кызматы кабарлаган.

“Акыркы жылдарда биздин өлкөдө балалуу боло албаган жубайлар үй-бүлөөсүн сактап калуу максатында жасалма урактандыруу ыкмасын пайдаланууда. Андай жолдор менен балалуу болгондор аз эмес. Шариаттаны талаптарына жооп бербеген жана туура сакталбаган мындай тажрыйбалар айрым моралдык, социалдык жана диний маселелерди жаратууда”,-деп жазылган аталган документте.

Фатванын текстинде белгиленгендей мындай ыкмалар кыздар турмушка чыкпай эле балалуу болгонго жол ачат. Ошондой эле, никесиз төрөлгөн балдардын саны көбөйүүсүнө, баланын ата-энеси ким экенин белгисиз бойдон калганга, айрым адамдар буга байланыштуу соода иштерине киришип, бул жолду киреше булагына айландырууга шарт түзүлөт.

Өлкөнүн мусулмандар башкармалыгы жасалма уруктандыруу уруксаты эч акыркы айла катары мусулман салтына ылайык никеде турган жубайларга гана берилет. Анда да көптөгөн каталарга жол бербеген кесипкөй дарыгер гана ишке ашыра алат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!