Мед айымдар велосипед менен жүрөт

16-Фев. 2018, Жума, 14:50

Өзбекстанда Куйичирчик районунда алыскы айылдарга жетүү жеңил болушу үчүн мед айымдар велосипед менен камсыздалды.

Жумуштун натыйжалуулугун жогорулатуу максатында кошумча шарт түзүүгө аталган райондун хокимияты 22 велосипед берген.

Учурда райондогу 81 мед айым, 104 248 тургунду тейлейт.

Медицина кызмткерлеринин айтымында эгерде бир чакырыкка мурда бир жарым саат кетсе, эми бир бейтапты кароого 35 мүнөт жумшалат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!