Токтогул ГЭСине 110 млн. доллар керектелет

3-Июль 2017, Дүйшөмбү

Өлкө башчы Алмазбек Атамбаев Кыргызстан менен Азия өнүктүрүү банкынын (АБР) ортосундагы Токтогул ГЭСини реаблитациялоо долбооруна каржы берүү боюнча келишимди ратификациялоо боюнча мыйзамга кол койду. Бул тууралуу Президенттик аппараттын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, эки тараптуу келишимге 2016-жылдын 13-декабрында кол коюлган. Келишимге ылайык АБР Токтогул ГЭСин реаблитациялоого 110 млн. долларга каржылык көмөк көрсөтмөк.

Бул долбоордун алкагында Токтогул ГЭСинин ар бир агрегатынын кубаттулу 60 МВтка жогорулатылат. Мындан тышкары инженердик тосмолорду жана платинаны монторгдоо системасын реаблитациялоо иштери жүрөт. Бул Кыргызстандын энергетикалык коопсуздугун бекемдейт.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!