​Июлда жаратылыш газына болгон баа тариф бекитилди

3-Июль 2017, Дүйшөмбү

Үстүбүздөгү жылдын июль айында жаратылыш газына болгон баа тарифи калк үчүн 1 куб газ 14,48 сом ду түзөт. Ал эми өндүрүш ишкналары, коммерциялык уюмдар жана бюджеттик уюмдардар үчүн салыкты эске алганда 17,75 сомду түзөт. Бул тууралуу “Газпром Кыргызстан” билдирди.

Маалыматка каранда, мыйзамга ылайык Улуттук банктын ар бир айдын биринде бекиткен доллардын курсуна жараша ишканасы ай сайын газга болгон тарифтин баасын эсептеп турушу керек.

1-июлда Улуттук банктын бекиткен 1 доллардын курсу 69,23 сомду түзүүдө.,

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!