Ош аэропорту реконструкцияланат

3-Июль 2017, Дүйшөмбү

Кыргыз-орус өнүктүрүү фонду (КОӨФ) Ош эл аралык аэропортун реконструкциялоого каражат бөлөт. Бул тууралуу КОӨФдун басма сз кызматы билдири.

Маалыматка караганда, 2017-жылдын 30-июнунда өнүктүрүү фонду менен “Эл аралык Манас аэропорту Ош шаарында жайгашкан эл ралык аэропортун оңдоп түзө иштерине каражат бөлүү боюнча келишимге кол коюшту.

Бөлүнгөн каражатка жарык белги берүүчү жабдык сатып алынып орнотулат, учуп конуучу тилкени оңдоп түзөө, аэродром үчүн атайын өрт өчүрүүчү унаа сатылып алынат жана аэровокзалдын имараты кеңейтилет.

Эскерте кетсек, фонд тарбынан буга чейин 234 млн. долларга 740 долбоор каржыланган. Анын ичинен тарнспорт инфраструктурасын жакшыртууга жана логистикага жалпы каражаттын 10 пайызы жумшалган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!