“Кылдоо” алтын кенине инвестор жок

3-Июль 2017, Дүйшөмбү

“Кылдоо” алтын кенин иштетүүгө инвесторлорду тартыла элек. Бул тууралуу өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков 30-июнда Тогуз-Торого барган иш сапары учурунда белгилүү болду.

Аталган кенге инвесторлодун тартылбай жатышына Тогуз-Торо районундагы “Саймалуу-Таш” жаратылыш паркынын аймагында жайгашкандыгы себеп болууда.

Өкмөт башчы “Кылдоо” кенин ишке киргизүү маселесин чечүү үчүн бардык тиешелүү мамлекеттик органдар жана кызыккан тараптардын катышуусунда жыйын болорун айтты.

Эскерте кетсек “Макмал” алтын кенининин кору түгөнгөнүнө байланыштуу, “Кылдоо” кенин иштетүү зарылчылыгы жаралган. Кендеги алтындын кору болжол менен 5 тоннага жакын. Кен ишке кирсе жергиликтүүи 250дөй тургун жумуш менен камсыз болмок.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!