Палас тандоодо көңүл буруучу нерселер!

15-Март 2017, Шаршемби

Палас тандоодо үйдүн бүтүмдүгүн кармап, туура чечим чыгаруу менен бүтүндөй атмосфераны кармай аласыз.

  • 1.Көңүл буруучу нерсе чоң палас ар дайым өзүнө тартып турат. Ошондуктан өзгөчө интерьерге ээ, көптөгөн майда деталдарга бай келген бөлмөгө бир өңдөгү же болбосо көп байкалбаган сүрөтү бар палас туура келет.
  • 2.Анча чоң эмес 2 метрлүү паластар менен бөлмөнү эки башка зонага бөлүп көрсөтсө болот.
  • 3.Кичинекей жана түктөрү чыгып турган паластарды үйдүн аксессуары катары колдонсо болот. Аларды бөлмөнүн каалаган жерине түстүү акцент катары колдонсо жакшы. Алар каминь турган жерге, отургучтардын жанына же керебеттин жанына салса болот.
  • 4.Паластын өңүнө көңүл бөлүү керек. Өзгөчө ал чоң көлөмдө болгон болсо, себеби түс бөлмөгө жылуу жана муздак сезим бере алат.
  • 5.Күңүрт болгон бөлмөлөр үчүн полго жылуулук тартуулаган паластар туура келет. Ал эми жарык үйлөр үчүн муздак өңдөгү палас тандоо кажет.
  • 6.Кара өндөгү пол үчүн контрастуу өңдөгү палас жарашыктуу көрунөт.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!