​Суу пайдалануучуларга жеңилдиктер каралууда

23-Апр. 2018, Дүйшөмбү, 16:23

Бүгүн, 23-апрелде Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин жыйынында “КРнын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө (Суу кодексине, “Суу жөнүндө” мыйзамга) мыйзам долбоору 1-окууда каралды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Аталган маселе боюнча Айыл чарба, тамак аш өнөр жай жана мелиорация министри Нурбек Мурашев баяндама жасады.

Маалыматка ылайык, мыйзам долбоору Суу кодексин жана “Суу жөнүндө” мыйзам ченемдерин жүзөгө ашыруу алкагында иштелип чыккан. Долбоордун максаты суу пайдалануу үчүн төлөм маселесин жөнгө салуучу ченемдик-укуктук актылардагы коллизияларды жана кемтиктерди жоюу болуп саналат. Сунушталып жаткан өзгөртүүлөр экономиканын бардык тармактарында суу ресурстарын сарамжалдуу пайдаланууга дем берүүнү мындан ары өрчүтүү, суу ресурстарын сактап калууга жана коргоого керек болгон финансылык каражаттарды түптөөгө багытталган. Суу кодексинде суу жаратылыш ресурсу катары пайдаланылгандыгы үчүн акы алуу көрсөтүлгөн. Бирок суу обьектилерине жана суу ресурстарын пайдалангандыгы үчүн акы алуунун тартиби менен шарттары, суу пайдалануучуларга жеңилдиктер аныкталган эмес.

Долбоор аркылуу суу пайдалануу үчүн акы төлөөдөн төмөнкүлөрдү бошотуу сунушталган:

  • Мамлекеттик жана муниципиалдык менчикте турган жаратылыш коруктары, ботаникалык бакчалар, өзгөчө коруктар, жаратылыш эстеликтери, дендралогиялык парктар менен зоологиялык парктар, маданият, илим, билим берүү, саламаттыкты сактоо мекемелери жана башка мамлекеттик бюджеттин эсебинен каржылануучу мекемелер менен уюмдар;
  • Кайра жаралуучу энергияны кошкондо сууну электр кубатын иштеп чыгууга пайдаланууда;
  • Сууну айыл чарба өндүрүшүн, токой чарбасын, бак-дарактарды белгиленген лимиттин чегинде сугаруу максатында пайдаланууда;
  • Сууну үйдөгү малды жана короо участогун сугарууга пайдаланууда;
  • Сууну ичүүгө жана чарбалык тиричиликтеги керектөөлөр үчүн пайдаланууда;
  • Калктын суу ичүү керектөөлөрүнө суу алууда жана башкаларда.

Талкууда депутат Мирлан Бакиров өндүрүш, тоокен тармагына суу пайдалангандыгы үчүн милдеттүү түрдө төлөм төлөнөрү так жазылышы зарылдыгын айтты. Бир катар депутаттар долбоордогу түзөтүүлөрдү киргизүү менен республикалык бюджетке кандай киреше же чыгаша болоору боюнча так маалыматты Каржы министрлигинен талап кылышты. Комитет төрагасы Айтмамат Назаров болсо суу пайдалануудагы лимит кантип аныкталаарын, ал ким тарабынан коюлаары боюнча долбоордо конкреттүү ченем жоктугун, төлөмдөрдөн бошотулган жактарды дагы тактоо зарылдыгын, долбоор бул боюнча кабыл алынса коррупциялык жагдайларга жол ачылышы мүмкүндүгүн тизмектеп, мыйзам долбоорунда тактоочу маселелер көптүгүн баса белгиледи.

Жыйынтыгында эл өкүлдөрү тарабынан айтылган сын-пикирлер мыйзам долбоорун 2-окууда кароодо эске алынмай болду. Соңунда мыйзам долбоорунун концепциясын жактыруу менен Жогорку Кеңештин кароосуна чыгаруу чечими кабыл алынды.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!