“Кыргызстандын периси-2017” сулуулар сынагы өтөт

14-Апр. 2017, Жума

Кыргызстанда турмушка чыккан айымдар арасында өтүүчү улуттук “Кыргызстандын периси-2017” сулуулар сынагына катышууга билдирмелерди кабыл алуу башталды. Бул тууралуу сынактын уюштуруучулардын бири Рыскүл Намазбекова билдирди. Анын айтымында, сынакка турмушка чыккан, балдары бар 25 жаштан 50 жашка чейинки айымдар катышат алат.

Баш байге алган айымга Америкада өтүүчү эл аралык “Дүйнө периси-2017” жана Африкада болуучу “Аалам периси-2017” сынагына катышууга жолдомо берилет.

Эске салсак, 2015-жылы “Кыргызстан периси” наамын 30 жаштагы Назгүл Жумалиева алса, 2016-жылы 41 жаштагы 2 баланын энеси Наргиза Осмонова алган. Ал Индияда өткөн «Mrs Top Of The World» сулуулар сынагына, Кытайда өткөн “Аалам периси-2016” сулуулар сынагына Кыргызстандын атынан катышып келген.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!