Остехондроз дарты тууралуу

30-Июнь 2017, Жума

Организмге дарты жеңүүгө кандай жардам берсе болот?

Остеохондроз – бул планетабыздагы дээрлик ар төртүнчү адамына катыштуу омуртка проблемасы. ХХ-кылымга чейин остеохондроз ак сөөктөр оорусу болуп саналган. Себеби алар аз кыймыл өмүрүн сүрүп келишкен. ХХ-ХХІ кылымда остеохондроз оорусунун жайылуусу азыркы адамдардын «кеңсе» жумушуна алмашуусуна байланыштуу орун алууда.

Дарт эмнеден улам пайда болот?

Кан тамырлар – эң аз кантамырлары, ал баардык түйүндөр менен кыртыштар органдарыбыз аркылуу өтүп жатат. Алар организмдин ар бир клеткасына кычкылтек жана баардык керектүү заттарды жеткизип турат. Клетка менен кан тамыр чек арасында зат алмашуу жүрүп турат.

Кан тамырлар аркылуу кандын жүрүүшү бузулганда клетка кычкылтектин жетишпестигинен тумчугат. Бул клетканын оорусуна, акырында өлүмүмүнө алып келет. Кан тамырлар жумушунун бузулуусу – ар бир патологиялык процесстин негизги себеби.

Адамдын жашы улгайган сайын кан тамырлардагы кан айлануу төмөндөй баштайт. Ошол себептен кырк жаштан ашкан адамдардын көпчүлүгүндө бир-эки созулмалуу оору болот, ал картайган сайын алардын саны арта баштайт.

Ар бир дарт организмдин кайсы бир жеринде кан айлануунын буулуп же болбосо токтоп калуусу менен, ошону менен катар клеткадагы суюктуктун туруп калуусу (токтоп) менен байланыштуу болот.

Дисктердин керектөөсүн камсыз кылуучу кан тамырлардагы кан айлануунун начарлашынын айынан нымдуулук жок болуп жана натыйжасында остеохондроз оорусун алып келүүсү мүмкүн.

Моюнуңузду сактаңыз!

Дарыгерлер эскертет: остехондроз – бул жөн гана жанга баткан оору сезими гана эмес. Бара-бара бул оору ден соолуктун начарлашына алып келиши мүмкүн. Остеохондроз кезинде спазмаланган омурткадагы булчуң эттердеги кан айлануу бузулат. Ошондуктан омурткаларды кошуп турган кемирчектер бузулат.

Мисалы, моюн остехондроз учурунда, баш мээнин кычкылтек менен камсыз болуусу бузулат. Көптөгөн нерв клеткалары, кан тамырлардын көптүгү, мээни камсыз кылуучу негизги артерия –ушунун баардыгы адамдын моюнун жандуу жерине айландрат. Моюн бөлүгүнүн остехондроз маалында адамдын ар дайым башы оорусу мүмкүн. Ошондой эле кийин колго өтүүчү моюн бөлүк ооруйт. Моюн менен колдун алсыздануусу, көздүн караңгылашы, кан басымдын көтөрүлүшү же төмөндөшү- ушунун баардыгы остехондроз менен ооруган адамдардын организминде кездешүүчү кубулуштар. Артериянын узак убакыт кысылып туруусу, инсульт пайда болуусунун башкы себептеринин бирине айлануусу мүмкүн.

Өзүңүзгө өзүңүз жардам бериңиз

Моюн бөлүгүндөгү остехондрозду кантип дарылоого болот же болбосо дартты оорубагандай кылып эң аз ченемге чейин кантип түшүрсө болот? Дарылоо үчүн денени машыктырууну туруктуу алектенүү аркылуу адам өзүнүн булчуң эттерин катыра алат жана омурткага түшкөн салмак азаят. Денени чыныктыруу тартиби ар бир адамга өз-өзүнчө даярдалат.

Остехондроз учурунда спазмаланган омуртканын жанындагы булчуң эттерде кан айлануунун бузулушунан улам омурткаларды кошуп турчу кемирчектер керектөөсү бузулат. Кемирчектин бузулушу грыжа жана омуртка протрузиясына алып келет. Ал эми кемирчектерге арналган белоктор «курулуш материалы» болып саналат. Ал глюкозамин жана хондроитин препараттарынын курамында болот. Бирок, омуртканын айланасындагы кыртыштарга кан айланууну жакшыртмайынча «курулуш» жүрбөйт.

Жана мунун негизинде башкы роль физиотерапияга тиешелүү. Остехондроз учурунда магнитотерапия жакшы натыйжа берет. Магнитотерапия – бул ооруну сездирбеген процедура, пациенттер бул процедураны жеңил көтөрүшөт. Ал чоң чыгымдарды жана татаал техниканы пайдаланууну кажет кылбайт.

Ал эми атап кеткен маселелердин көбүн чечет жана оңой таасир бергендигинен, каршы көрсөтмөлөр да минималдуу. Бул алсыз дарттарга, улгайган адамдарга, ошондой эле көптөгөн башка оорулар менен ооруган абалда да процедураны баштоого мүмкүнчүлүк берет. Магнитотерапия күчү ооруу сезимдеринен тескери таасир бербестен кутулууга жардам берет. Манитотерапия туруктуу жасалган учурда кемирчек тканы менен омуртканын абалы бир топ жакшырып, муундардын айланасындагы суюктуктардын өндүрүмдүүлүгү жогорулайт. Ушунун баардыгы кан айлануунун бир нече деңгээлге жогорулашынн улам пайда болот. Бул өз кезегинде кыртыштардагы зат алмашуу процесстерин ылдамдатат, алардын керектөөсү жана зыяндуу заттардын организмден чыгуусуна жардам берет. Ушу убакытка чейин сапаттуу магнит менен дарылануу өнөкөн оорулары бар адамдар үчүн кол жетимдүү болбой келген. Физиопроцедураларды ооруканалардан гана өтүүгө болгон. Азыркы убакта үдө да колдонууга ылайыктуу физио каражаттар чыгарыла баштады жана аларды баасы да кол жетимдүү.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!