Муфтий АКШда өткөрүлгөн семинарга катышты

10-Май 2017, Шаршемби

Кыргызстан Мусулмандарынын Азирети Муфтийи Максатбек ажы Токтомушев баштаган кыргызстандык делегация АКШ мамлекеттик департаменти тарабынан уюштурулган «Диндер аралык диалог” аттуу семинарга катышты. Бул тууралуу бүгүн, 10-майда муфтияттан билдиришти.

Маалыматка ылайык, муфтий Максатбек ажы Токтомушев, Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын директорунун орун басары Закир Чотаев жана КРдин Президенттик аппараттын этностук, диний саясат жана жарандык коом менен өз ара аракеттенүү бөлүмүнүн эксперти Кубанычбек Абакиров баштаган кыргызстандык делегация үстүбүздөгү жылдын 1-майынан 9-майга чейин АКШдагы диний мекемелер аралык тажрыйба алмашуу, диндер аралык диалог, мамлекеттик органдар менен диний уюмдардын өз ара аракеттенүү маселелери, дин жана диний билим берүүнүн эркиндигин камсыз кылуу жаатында бир катар жолугушууларды өткөрүшүп, семинар, конференцияларга катышышты.

Ал эми 1-2 май күндөрү кыргызстандык делегация АКШнын мамлекеттик департаменти жана билим берүү министрлигинин өкүлдөрү менен жолугушуп, Америка Кошмо Штаттарынын мамлекеттик башкаруу жана диндер аралык мамилелер системасы, ошондой эле диндер аралык диалог моделдери менен таанышуу максатында уюштурулган семинарга катышты.

Кыргызстандык делегаттар өлкө аймагындагы диний кырдаал, мамлекеттик концепция жана конфессиялар арасындагы достукту бекемдөө жаатындагы аткарылып жаткан иштер боюнча маалымат беришип, тажрыйба алмашуу жаатындагы чакырыктарына ыраазычылыктарын билдиришти.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!